ТоктомКүчүндө

Манас айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 28 «Манас айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 11 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция13.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАНАС АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 13-октябры №28

Манас айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 11

токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 39-беренесинин 1, 2 жана 5-бөлүктөрүнө, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-июлундагы № 241 «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүнө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы № 53 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Мыйзамынын 10-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Манас айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Манас айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 11 токтому менен бекитилген тиркеменин 1-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Ушул токтом менен өзгөртүлбөгөн Манас айылдык кеңешинин 2025-жылдын 3-февралындагы № 11 токтомунун башка жоболору күчүндө калтырылсын.

3. Манас айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Б.Омуровго ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрүү жана муниципалдык ишкана тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн мыйзамдарга ылайык уюштурулушун камсыз кылуу сунушталсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

2026-жылдын 3-ноябрында https://gagsmsu.kg/2026/11/03/%d1%87%d2%af%d0%b9-%d0%be%d0%b1%d0%bb%d1%83%d1%81%d1%83%d0%bd%d1%83%d0%bd-%d1%81%d0%be%d0%ba%d1%83%d0%bb%d1%83%d0%ba-%d1%80%d0%b0%d0%b9%d0%be%d0%bd%d1%83%d0%bd%d0%b0-%d0%ba%d0%b0%d1%80%d0%b0%d1%88-7/ расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Ж.А.Жанжигитов

 

 

Тиркеме

Манас айылдык кеңешинин

2025-жылдын 3-февралындагы

№ 11 токтому менен бекитилген

тиркеменин көмүү кызматтары

боюнча 1-пунктун алып салууну

эске алуу менен муниципалдык

кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери

 

1. Ичүүчү суу жана канализация кызматтары боюнча тарифтер:

 

·         Жеке жактар үчүн ичүүчү суу — бир адамга айына 60 сом;

 

·         Юридикалык жактар үчүн ичүүчү суу — 1 куб метрине 60 сом;

 

·         Жеке жактар үчүн канализация — бир адамга айына 50 сом, пенсионерлерге 50 пайыздык жеңилдик;

 

·         Юридикалык жактар үчүн канализация — 1 куб метрине 50 сом;

 

·         Борбордук суу түтүгүнө же канализация тармагына алгачкы кошулуу — 3 000 сом;

 

·         Бакча сугаруу үчүн жай айларында (июнь, июль, август) — 200 сом;

 

·         10 тоннадан ашык бодо малы же жылкысы бар чарбалар үчүн ичүүчү суунун негизги тарифине кошумча айына 1 000 сом төлөнөт.

 

2. Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча тарифтер:

 

·         Жеке жактар үчүн бир короодон — 150 сом, пенсионерлер үчүн — 75 сом;

 

·         Юридикалык жактар үчүн — 1 куб метрине 600 сом.

 

3. Экскаватор-трактор кызматтары:

 

·         10 км аралыкка чейин — 2 000 сом.

 

4. Ассенизатордук машинанын кызматтары:

 

·         10 км аралыкка чейин — 2 000 сом.