Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-ноябрындагы № 746 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257»Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-ноябры № 746
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 «Юридикалык жактарды,
филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби
жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү
киргизүү жөнүндө
Юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Реcпубликасынын Граждандык кодексинин 86-статьясына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 257 «Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо тартиби жөнүндө жободо:
– 2-пунктта «, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарын» деген сөздөр алып салынсын;
– 6-пунктта:
биринчи абзацтагы «анын аймактык органдары» деген сөздөр «каттоочу орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Саясий партияларды каттоону, ошондой эле мамлекеттик реестрде алар жөнүндө камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү ыйгарым укуктуу орган жүргүзөт.»;
– 8-пункттун үчүнчү абзацындагы, 95-пункттун 1-пунктчасындагы, 104-пункттун экинчи абзацындагы, 109-пункттун 1-пунктчасындагы, 119-пункттагы, 135-пункттун биринчи абзацындагы, 144, 146-пункттардагы түрдүү жөндөмөлөрдөгү «каттоочу» деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «ыйгарым укуктуу» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16. Юридикалык жак, филиал жана өкүлчүлүк өз ишин типтүү же өз алдынча иштелип чыккан уставдардын негизинде жүзөгө ашырат.
Финансы-кредиттик уюмдардын уставдарын кошпогондо, типтүү уставдар ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.»;
– 25-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Жыйым жана төлөм арызды ар бир жолу кароо үчүн алынат.»;
экинчи абзацтагы «125–126-пункттарында» деген сөздөр «126-пунктунун 1–5, 7–11-пунктчаларында» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 41-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«41. Юридикалык жакты кайра уюштурууга байланыштуу кайра каттоо үчүн документтерди тапшырганга чейин бир ай мурда кредиторлор болгон учурда арыз ээси каттоочу органга кредиторлор тарабынан дооматтарды коюу мөөнөтүн көрсөтүү менен юридикалык жакты кайра уюштуруу жөнүндө кабарлоо жөнөтүүгө милдеттүү. Кабарлоо ыйгарым укуктуу органдын расмий сайтына жайгаштырылат.»;
– 42-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«42. Жоюу жөнүндө кабарлоо жарандык мыйзамдардын талаптарына жооп берген учурда каттоочу орган электрондук документ жүгүртүү системасы (мындан ары – ЭДС) аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелердин жоктугу жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалыматтарды сурайт.»;
– 44-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 66-пункттун 3-пунктчасы «идентификациялык жеке номерин» деген сөздөрдөн кийин «(чет өлкөлүк жарандар үчүн – башка идентификациялык номерин)» деген сөздөр менен толукталсын;
– 67-пункттун 6-пунктчасындагы «(жеке жактар үчүн), толук фирмалык аталышын, ИСН жана юридикалык дарегинин жайгашкан жерин (юридикалык жактар үчүн)» деген сөздөр алып салынсын;
– 70-пункттун 3-пунктчасындагы, 80-пункттун 3-пунктчасындагы, 89-пункттун 4-пунктчасындагы, 99-пункттун 4-пунктчасындагы, 106-пункттун 5-пунктчасындагы, 111-пункттун 4-пунктчасындагы «каттоочу органдын» деген сөздөр алып салынсын;
– 72-пункттун 4-пунктчасындагы «жана коммерциялык эмес уюмдар» деген сөздөр алып салынсын;
– 75-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«75. Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө чечимде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:
1) мамлекеттик реестрде камтылган маалыматтарга өзгөртүүлөр жана толуктоолор жөнүндө маалымат;
2) фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо), жарандыгын, ИЖН, жашаган жерин көрсөтүү менен юридикалык жактын ар бир бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтар.
Кайра каттоо жөнүндө чечимде Кыргыз Республикасынын юридикалык жактардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарынын талаптарына ылайык башка маалыматтар камтылышы мүмкүн.
Ушул Жободо белгиленген учурларды кошпогондо, юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө чечимге чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коёт, ошондой эле ал юридикалык жактын мөөрү менен бекитилет.
Чарбалык шериктикти жана коомду (акционердик коомду кошпогондо) кайра каттоо жөнүндө чечимге «Чарбалык шериктиктер жана коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык уюмдаштыруучу (уюмдаштыруучулар) кол коёт. Чечим юридикалык жактын мөөрү менен бекитилүүгө тийиш, мында уюмдаштыруучунун (уюмдаштыруучулардын) – жеке жактын (жеке жактардын) колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Ар бир юридикалык жактын – уюмдаштыруучунун (катышуучунун) өкүлү чечимди өзүнүн мөөрү менен бекитүүгө же өзүнүн колун нотариалдык күбөлөндүрүүгө тийиш.
Коомдук фонд же мекеме кайра катталганда жалгыз катышуучу болгон учурда анын чечимдеги колу нотариалдык күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
Кайра каттоо жөнүндө чечимде анда көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын анык экендиги ырасталат.»;
– 82-пунктта «жана коммерциялык эмес уюмдун» деген сөздөр алып салынсын;
– 88-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелердин жоктугу жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө салык жана бажы органдарынан алынган маалыматты текшерүүгө;»;
– 110-пункттун 4-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4) салык жана бажы органдарынан алынган салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелердин жоктугу жөнүндө, ошондой эле бажы төлөмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалыматты текшерүүгө;»;
– 113-пунктта:
7 жана 8-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) экономикалык иштин негизги түрү;
8) юридикалык жактын бенефициардык менчик ээси жөнүндө маалыматтар.»;
9-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын;
– 115-пунктта:
үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
алтынчы–сегизинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун чечими боюнча төрага алмашкан учурда кабарлоого кошумча төмөнкү документтер тиркелет:
– турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышкан көп батирлүү үйдөгү турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин тизмеси фамилиясын, атын, атасынын атын (болсо) жана дарегин көрсөтүү менен;
– турак жай менчик ээлеринин шериктигинин мүчөлөрүнүн жалпы чогулушуна катышкан адамдардын кыймылсыз мүлккө менчик укугун ырастаган тиешелүү мамлекеттик органдан көчүрмө.»;
– 116-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«116. Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн жайгашкан жери, экономикалык ишинин негизги түрү өзгөргөн учурда кабарлоого мөөр менен бекитилген юридикалык жактын ыйгарым укуктуу органынын чечими тиркелет.»;
үчүнчү абзацтагы «юридикалык жакты кайра каттоо» деген сөздөр «жайгашкан жерин өзгөртүү» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 121-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 17-пунктча менен толукталсын:
«17) экономикалык иштин негизги түрү.»;
– 125-пункттун экинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 126-пункттун он бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Юридикалык жактын, филиалдын жана өкүлчүлүктүн ишин токтотууну каттоодон баш тартуу салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелер, ошондой эле бажы төлөмдөрү боюнча милдеттенмелер жөнүндө маалымат болгон учурда да жүзөгө ашырылат.»;
– 142-пункттун 3-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«3) салык жана бажы органдарынан салыктар, камсыздандыруу төгүмдөрү жана салыктык эмес кирешелер боюнча милдеттенмелердин жоктугу, ошондой эле бажы төлөмдөрү боюнча карыздардын жоктугу жөнүндө маалымат, кагаз түрүндө же ЭДС аркылуу санариптик формада суроо-талап жиберүү жолу менен.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-ноябрындагы № 85 (3845) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |