ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-июлундагы № 140/21-6 «Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Жантаев көчөсү номуру жок дарегиндеги, жалпы аянты 8,19 га жер тилкесин»Кыргызалтын«ачык акционердик коомуна акысыз негизде, мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция28.07.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 28-июлу № 140/21-6

 

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

VI ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ

 

Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Жантаев көчөсү номуру жок дарегиндеги, жалпы аянты 8,19 га жер тилкесин “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна акысыз негизде, мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы №1-13/4384 катынын, Токмок шаарынын курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын протоколунун ошондой эле, Токмок шаардык кеңешинин ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2026-жылдын 24-июлундагы №28 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын балансындагы, Токмок шаары, Жантаев көчөсү, номуру дарегиндеги, жалпы аянты 8,19 га жер тилкесин “Кыргызалтын” ачык акционердик коомуна акысыз негизде, мөөнөтсүз колдонууга өткөрүп берүүгө Токмок шаарынын мэриясына макулдук берилсин.

2.Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Тѳрага

 

М.Т.Тынайбеков