ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылды 19-июну №105/15-29 «Өнүктүрүү фонддорго долбоордук өтүнмө тапшыруу жөнүндө» токтому

Редакция19.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 19-июну № 105/15-29

 

Өнүктүрүү фонддорго долбоордук өтүнмө тапшыруу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап чыгып Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:

1. “Орловкадагы жылуулук менен жабдуу” муниципалдык ишканага жылуулук алмаштыргычтарды сатып алуу” долбоорун каржылоо үчүн өнүктүрүү фонддорго өтүнмө тапшырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

3. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестицияларды тартуу, инновациялар жана санариптештирүү боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.И.Токтакунов