ТоктомКүчүндө

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин 2026-жылынын 24-сентябрындагы №1 «Шаардын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому

Редакция29.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин I чакырылышынын

кезексиз XXIV сессиясынын

 

2026-жылдын 29-октябрындагы №1

 

Шаардын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу

 

Шаардык мэриянын 27.10.2026-жылдагы, “Шаардын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” №01-21/5294 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Мамасалиеванын маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сунуштарын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин I чакырылышынын кезексиз 24 - cессиясы

 

Токтом кылат :

 

1. Шаардык мэриянын 27.10.2026-жылдагы, “Шаардын 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу” №01-21/5294 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Мамасалиеванын маалыматы эске алынсын.

2. Таш-Көмүр шаарынын 2026-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгү төмөндөгү түшкөн түшүүлөрдүн эсебинен 2487,8 мин сомго көбөйтүлүп, өзгөртүү киргизилсин:

1) “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйымдан” - 771,8 мин сом;

2) “Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акысынан” - 480,3 мин сом;

3) Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелерден” – 259,4 мин сом;

4) “Жергиликтүү маанидеги инфраструктураны өнүктүрүүгө жана күтүүгө чегерүүлөрдөн” – 119,0 мин сом;

5) “Айыл чарбасына жараксыз жерлерди сатуудан” - 857,3 мин сом.

3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Таш-Көмүр шаарынын 2026-жылга бюджетинин чыгаша бөлүгүнө 2487,8 миң сомго өзгөртүү киргизилсин.

4. 2026-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетине өзгөртүү жана толуктоо киргизилип, төмөндөгү мекемелердин бекитилген сметасынан үнөмдөлгөн акча каражаттары алынсын:

1) Шаардык мэриянын 2111 – беренесинен – 753,1 мин сом акча каражаты;

2) Шаардык мэриянын 2121 – беренесинен – 126,6 мин сом акча каражаты;

3) Муниципалдык менчик департаментинин 2215-беренесинен (ПСД) - 1000,0 (бир миллион) сом акча каражаты;

4) Муниципалдык менчик департаментинин 3112 – беренесинен (видеокамера) – 233,8 мин сом акча каражаты;

5) Муниципалдык менчик департаментинин 3111-беренесинен (ДЭУ-38 ишканасына төлөм) - 612,3 мин сом акча каражаты.

6) Шаардык билим берүү бөлүмүнүн 22311300-беренесинен (жылуулукка төлөм) - 7621,3 мин сом акча каражаты.

5. Жыл башында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндө бекитилбеген булактар боюнча түшүүлөрдөн жана 2026-жылга үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен төмөндөгү мекеме-ишканаларга бөлүштүрүлсүн:

1) Шаардык депутаттар Кенешине кресло сатып алуу үчүн - 25,0 мин сом акча каражаты;

2) Шаардык мэрияга, “Face ID” орнотуу үчүн – 75,0 мин сом, водомер сатып алуу үчүн – 10,9 мин сом, сууга төлөм үчүн – 263,5 мин сом, байланыш кызматы үчүн – 107,0 мин сом, кеңсе товарларды сатып алуу үчүн – 70,0 мин сом, кызматтык иш сапарлар үчүн – 200,0 мин сом, компьютер сатып алуу үчүн – 880,0 мин сом, жалпы – 1606,4 мин сом акча каражаты;

3) Шаардык Муниципалдык менчик департаментине, Гипроземге инвентаризация үчүн – 1025,8 мин сом, кол тийгиз каражат үчүн – 804,3 мин сом, сейсмология үчүн – 170,0 мин сом, Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржылануучу долбоордун өздүк салымы үчүн – 582,0 мин сом, “Жашыл Мурас” үчүн – 500,0 мин сом, түнкү жарыктандыруу үчүн – 525,0 мин сом, Жаны Жыл майрамына карата – 360,0 мин сом, Мамлекеттик актыларды алуу үчүн – 400,0 мин сом, трансформатор сатып алуу үчүн – 800,0 мин сом, сууга болгон төлөм үчүн – 605,9 мин сом, водомер сатып алуу үчүн – 111,7 мин сом, “Жомок” бала бакчасынын чатырын ондоо үчүн – 60,0 мин сом, Кызыл-Алма айылына Анарбаев көчөсүнө электр зымдарды тартуу үчүн – 132,3 мин сом, Токтогул көчөсүнө жана Түндүк аймактык башкармалыгына жол жээгине светодиодный опораларды сатып алуу үчүн – 357,1 мин сом, “Түндүк” бокс залына опора сатып алуу үчүн – 240,0 мин сом, жалпы - 6674,1 мин сом акча каражаты;

4) Шаардык билим берүү бөлүмүнө, №4 Токтогул атындагы мектеп комплексинин алдындагы бала бакчага төшөк жана матрас сатып алуу үчүн – 150,0 мин сом, “Жомок” бала бакчасына тамак бышыруучу электроплита сатып алуу үчүн – 180,0 мин сом, жалпы – 330,0 мин сом акча каражаты;

5) “Таш-Көмүр Тазалык” чарбалык эсептеги муниципалдык ишканасына жергиликтүү бюджеттен – 4199,7 (төрт миллион бир жүз токсон тогуз жети жүз) сом акча каражаты субсидия бөлүнүп берилсин.

6. Сууга болгон төлөмдүн акча каражаты, бардык бюджеттик мекеме-ишканалар менен келишимдер жаныдан түзүлгөндөн кийин, эсеп фактуранын негизинде төлөнүп берилсин.

7. Бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Юстиция башкармалыгына сунуштоо жагы шаардык Кенештин жооптуу катчысына (Б.Дуйшебаева) милдеттендирилсин.

8. Токтом Таш-Көмүр шаарынын www.tash-komurkenesh.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Таш-Көмүр шаардык депутаттар

Кеңешинин төрагасы:

 

С.Кудайбердиев