Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы «Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин ашканасын капиталдык ремонттоо үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө» №15/3 токтому
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-ноябры №15/3
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин ашканасын капиталдык ремонттоо үчүн өздүк салым акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин ашканасын капиталдык ремонттоо үчүн дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп жаткандыгына байланыштуу айыл өкмөт тарабынан бөлүнүп берилүүчү өздүк салым акча каражатын карап чыгып жана талкуулап, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХV кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттын долбооруна көрсөтүлүп, жалпы сметалык наркы 3 553 710 (үч миллион беш жүз элү үч миң жети жүз он) сомду түзгөн Жерге-Тал айылындагы Асанбек Табалдиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин ашканасын капиталдык ремонттоо долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинен 959 502 (тогуз жүз элү тогуз миң беш жүз эки) сом акча каражаты каралсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |