Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы «Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо долбоорун жактыруу жөнүндө» №15/5 токтому.
ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 19-ноябры №15/5
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо долбоорун жактыруу жөнүндө
Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо үчүн Нарын райондук өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыктан долбоорду жактыруу максатында, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын ХV кезектүү сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын райондук өнүктүрүү фонду аркылуу Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн административдик имаратын ремонттоо долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында Нарын райондук өнүктүрүү фондуна артыкчылыктуу долбоор катары сунушталсын.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Ы. Бакаев |