Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 6-августундагы № 111/16-29 «Орловка шаарынын аймагында каза болгон жарандарды көмүү жана көрүстөндөгү мүрзө үстүндөгү курулмаларды орнотуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү жөнүндө» токтому
ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVI кезектеги сессиясы
2026-жылдын 6-августу № 111/16-29
Орловка шаарынын аймагында каза болгон жарандарды көмүү жана көрүстөндөгү мүрзө үстүндөгү курулмаларды орнотуунун тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы № 296 "Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы № 67 токтому менен бекитилген “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө” Нускамага ылайык, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен Орловка шаарынын кеңеши токтом кылат:
1. Орловка шаарынын аймагында каза болгон жарандарды көмүү жана көрүстөндөгү мүрзө үстүндөгү курулмаларды орнотуунун тартиби жөнүндө Нускама тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Каза болгон адамды көмүү боюнча талаш-тартыштар жаралса, чечим комиссия тарабынан кабыл алынсын. Комиссиянын курамына квартал башчылар, имам, мэриянын, муниципалдык ишканалардын, Орловка шаардык милиция бөлүмүнүн, Орловка ооруканасынын, аксакалдар сотунун жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү киргизилсин.
3. Бул токтом тиркемеси менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.
4. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын, маалымат такталарына жайгаштырсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемеси менен ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэри А.А.Койшыбаевге жүктөлсүн.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Орловка шаарынын социалдык маселелер жана коомдук тартип боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| М.И. Токтакунов |