ТоктомКүчүндө

Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-ноябрындагы «Кызыл-Жылдыз айылындагы Амангелди Кулов атындагы борбордук көчөсүнө тротуар, арык жана жарыктандыруу долбоорун жактыруу жөнүндө» №15/7 токтому

Редакция15.11.2025 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЭСЕНАЛЫ ДАЙРАКУНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

XXIX ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XV КЕЗЕКТҮҮ СЕССИЯСЫ

 

2025-жылдын 19-ноябры  №15/7   

  

       Кызыл-Жылдыз айылындагы Амангелди Кулов атындагы борбордук көчөсүнө тротуар, арык жана жарыктандыруу долбоорун жактыруу жөнүндө

 

Кызыл-Жылдыз айылындагы Амангелди Кулов атындагы борбордук көчөсүнө тротуар, арык жана жарыктандыруу куруу үчүн Нарын облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондуна көрсөтүлүп жаткандыктан долбоорду жактыруу максатында, Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIX  чакырылышынын ХV кезектүү сессиясы;

 

                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Нарын облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүү фонду аркылуу Кызыл-Жылдыз айылындагы Амангелди Кулов атындагы борбордук көчөсүнө тротуар, арык жана жарыктандыруу долбоору жактырылсын.

2.    Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында Нарын облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүү фондуна артыкчылыктуу долбоор катары сунушталсын.

3.    Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://zhergetal.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

4.    Бул токтомдун аткарылышын Эсеналы Дайракунов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбековго милдеттендирилсин.

  

   Төрага

Ы. Бакаев