ТоктомКүчүндө

Терек-Сай айылдык кеңешинин 2026-жылынын 27-октябрындагы №65 «Чаткал районунда кыргыз элинин улуттук ат оюндарын өткөрүү үчүн каражат карап берүү жөнүндө» токтому

Редакция27.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2026-жыл 27-октябры №65

 

Чаткал районунда кыргыз элинин улуттук ат оюндарын өткөрүү үчүн каражат карап берүү жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Мырзагуловдун Чаткал районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесинин иш планына ылайык, улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук ат оюндарын өнүктүрүү боюнча мааракенин алкагында, Каныш-Кыя айылында ат оюндарын жогорку денгээлде өткөрүү үчүн каражат карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезексиз XI сессиясы токтом кылат:

 

1.Чаткал районунун түзүлгөндүгүнүн 90 жылдык мааракесинин иш планына ылайык, улуттук баалуулуктарды сактоо жана жайылтуу, ошондой эле кыргыз элинин улуттук ат оюндарын өнүктүрүү боюнча мааракенин алкагында, Каныш-Кыя айылында ат оюндарын жогорку денгээлде өткөрүү үчүн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн каржы-экономика жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча бөлүмдүн башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы-экономикалык жана социалдык өнүгүү маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

 

Терек-Сай айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

М.С.Тойчуев