Акман айылдык кеңешинин 2026-жылынын 28-октябры №3 «Кошумча планга алуу жөнүндө» токтому
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги ХХII сессиясынын
2026-жыл 28-октябрындагы №3
Кошумча планга алуу жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине негиз Акман айыл өкмөт башчысынын 2026-жылдын 10-октябрындагы №01-23/510 сандуу каты менен келген максатту трансферттерге үлүш жер салыгы үчүн келген 1 835 800 сом жана киреше салыгынан кошумча түшкөн 5 000 000 сом акча каражатын кошумча планга алуу боюнча кайрылуусун канааттандыруу максатында депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Акман айыл өкмөтүнүн 2026-жылга каралган сметасына кошумча планга алып, чыгымдоого макулдук берилсин.
2. 70111 бөлүмүнүн 3111-беренесине 2440,0 сом, 2215-беренсине 1 635,8 сом, 2221-беренесине 1000,0 сом, 2721-беренесине 60,0сом, 3112-беренесине 1500,0сом, 70629 бөлүмдүн 2215-беренесине 200,0 сом акча каражаты отургузулуп чыгымдалсын.
3. Атайын каражаттын 70911 бөлүмүнүн 2218-беренесине ата-энелерден түшкөн 3042,8 сом акча каражаты отургузулуп, корголгон берене боюнча чыгымдалсын.
4. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага |
Н.Абдували уулу |