Акман айылдык кеңешинин 2026-жылынын 28-октябры №5 «Материалдык жардам берүү жөнүндө» токтому
АКМАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Акман айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын
кезектеги ХХII сессиясынын
2026-жыл 28-октябрындагы №5
Материалдык жардам берүү жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 мыйзамынын 34-беренесине негиз Акман айыл өкмөтүнүн Карача айыл тургуну Калмаматов Гүлжигиттин 2026-жылдын 28-сентябрындагы рак оорусу менен алышып жаткандыгын баяндап, дарыланууга акча каражатын сурап кайрылган арызын канааттандыруу максатында депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен угуп жана талкуулап Акман айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Карача айылынын тургуну Калмаматов Гүлжигитке материалдык колдоо катары 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду мыйзам чегинде ишке ашыруу жагы Акман айыл өкмөтүнүн башчысы М.М.Алкадыровго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Бюджет, өнөр жай, курулуш, кызмат көрсөтүүлөр жана коомдук уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү боюнча” туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага |
Н.Абдували уулу |