Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 158 «2026-жылдын 14-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы»Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы«долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы»Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы«долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 13-ноябры № 158
2026-жылдын 14-августунда Бишкек шаарында кол коюлган
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн
ортосундагы «Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы» долбоору
боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA)
ортосундагы «Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы»
долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө
1-берене
2026-жылдын 14-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япониянын Өкмөтүнүн ортосундагы «Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы» долбоору боюнча алмашуу ноталары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы «Экономикалык жана социалдык өнүктүрүү программасы» долбоору боюнча гранттык макулдашуу ратификациялансын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Мыйзамдын 1-беренесинде көрсөтүлгөн Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө япония тарапка дипломатиялык каналдар аркылуу кабарласын.
3-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
2026-жылдын 21-октябрында | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |