ТоктомКүчүндө

Орловка шаардык кеңешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы № 121/18-29 «Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция02.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРЛОВКА ШААРЫНЫН КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

Орловка шаарынын кеңешинин ХХIХ чакырылышынын ХVIII кезетеги сессиясы

 

2026-жылдын 2-октябры № 121/18-29

 

Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамаат мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышууга шыктандыруу максатында, жергиликтүү демилгелерди таңдоо жана аларды ишке ашырууга каралган жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо жөнүндө бекитилген жобонун алкагында сынак өткөрүлгөн. Сынактын жыйынтыгында “«Металлург» кичи районунда балдар оюн аянтчасын орнотуу” долбоору жеңичүү деп табылып, Өнүктүрүү саясат институтунан дем берүү иретинде 100000 (жүз миң) сом өлчөсүндө кошумча каржылоого ээ болгондугуна байланыштуу демилгелүү топтун маалыматын угуп жана талкуулап, Орловка шаарынын кеңеши  токтом кылат:

1. Өнүктүрүү саясаты институту менен гранттык макулдашууну түзүүнүн жана гранттык долбоорду ишке ашыруу максатында биргелешип каржылоо (дем берүүчү) катары берилген гранттын 100000 (жүз миң) сом өлчөмүндөгү каражат Орловка шаарынын мэриясынын 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин “Турак жай-коммуналдык чарба” бөлүмүнүн атайын эсебине которулсун.

2. Которулган каражаттар жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө "Учурдагы жардам" катары киргизилсин жана "Металлург” кичи районунда балдар оюн аянтчасын орнотуу" долбоорун биргелешип каржылоого жумшалсын.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб-сайтында жарыялансын.

4. Шаардык кеңештин жооптуу катчысы бул токтомду каттоого алсын, маалымат такталарына жайгаштырсын жана токтомдун көчүрмөсү ченемдик укуктук актылар Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышы Орловка шаарынын мэриясынын СЭӨБнүн башчысы Л.А. Абасовага жүктөлсүн.

7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Орловка шаарынын кеңешинин бюджет, финансы, экономика, салыктар жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

М.И. Токтакунов