ПриказКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2026-жылдын 18-сентябрындагы № 228 «Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобону жана аттестациядан өткөрүлүшү мүмкүн болгон ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» буйругу

Редакция18.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК, СОЦИАЛДЫК КАМСЫЗДОО

ЖАНА МИГРАЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 18-сентябры № 228

Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана

уюмдарынын кызматкерлерин аттестациядан өткөрүү тартиби

жөнүндө типтүү жобону жана аттестациядан өткөрүлүшү

мүмкүн болгон ишканалардын, мекемелердин жана

уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын

тизмесин бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 122-беренеси, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июнундагы № 319 “Мамлекеттик органдардын укуктук мүнөзгө ээ актыларын кабыл алуу тартиби жөнүндө” токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 252 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемелеринин жана уюмдарынын кызматкерлерин аттестациялоодон өткөрүү тартиби жөнүндө типтүү жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- аттестациядан өтүүгө тийиш болгон ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын кызматкерлеринин кызмат орундарынын тизмеси, 2-тиркемеге ылайык.

2. Сатып алууларды уюштуруу жана техникалык тейлөө бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин расмий сайтына жарыяласын.

3. Эмгек башкармалыгы:

- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып жети жумушчу күндүн ичинде анын электрондук түрүн электрондук документ жүгүртүү системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Укуктук маалыматтардын борборлоштурулган банкына киргизүү үчүн жөнөтсүн;

4. Аткарууну контролдоо жана канцелярия бөлүмү бул буйрукту аткаруучуларга жеткирсин.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин биринчи орун басары К.С. Досматовго жүктөлсүн.

 

 

Министр

А.К. Имангазиев