Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 22-апрелиндеги № 421-VIII «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исираилов Азамат Алмазбековичти Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-апрели № 421-VIII
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исираилов Азамат Алмазбековичти Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Исираилов Азамат Алмазбекович Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитеттин төрагасынын орун басары кызмат ордуна шайлансын.
2. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 16-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-пункттун 3-пунктчасынын үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Исираилов Азамат Алмазбекович – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;».
3. «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин курамдарын түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 18-декабрындагы № 15-VIII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
а) 3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү абзац менен толукталсын:
«Исираилов Азамат Алмазбекович – «Ала-Тоо» депутаттык тобунан;»;
б) 7-пунктчанын бешинчи абзацы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Ж. Таалайбек кызы |