Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №47 «Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовтун 2026-жылдын 28-майындагы №01-05/596 сундуу сунуштама каты жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2026-жылдын 5-июну № 47
Майдан айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Абдилатовтун 2026-жылдын 28-майындагы №01-05/596 сундуу сунуштама каты жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылында жайгашкан сугат айдоо 2,0 га жер аянтынын багытын социалдык обьект багытына которуу максатында Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылында жайгашкан сугат айдоо 2,0 га жер аянтынын багытын социалдык обьект багытына которууга макулдук берилсин.
- Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери боюнча укук белгилөөчү документтерди даярдоо үчүн тиешелүү материалдар Кадамжай райондук шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгынан оң корутунду алуу жагы менен которууга макулдук алуу жагы суралсын;
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов