Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №49 «Айрыбаз айылынын тургуну Мамасеидов Нурбектин кайрылуусу жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2026-жылдын 5-июну № 49
Айрыбаз айылынын тургуну Мамасеидов Нурбектин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Айрыбаз айылынын тургуну Мамасеидов Нурбектин кайрылуусун карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз айылынын тургуну Мамасеидов Нурбектин турак жай үчүн берилген жалпы 50.0 (элүү ) чарчы метр жер тилкесине сода сатык курууга макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын жана документтерди даярдап, мыйзам чегинде каттоо иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов