Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №50 №Кара-Жыгач айылынын тургуну Полотов Улукбек Боркошевич кайрылуусу жөнүндө" токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы
2026-жылдын 5-июну № 50
Кара-Жыгач айылынын тургуну Полотов Улукбек Боркошевич кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жыгач айылынын тургуну Полотов Улукбек Боркошевич кайрылуусун карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Жыгач айылынын тургуну Полотов Улукбек Боркошевич турак жай үчүн берилген жалпы 400.0 (төрт жүз ) чарчы метр жер тилкесинин ичинен 160.0 (бир жүз алтымыш ) чарчы метр жер тилкесине сода сатык курууга макулдук берилсин.
2. Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын жана документтерди даярдап, мыйзам чегинде каттоо иштерин жүргүзүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов