ТоктомКүчүндө

Баш-Кайынды айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 23-сентябрындагы «Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кошумча келип түшкөн жана келип түшүүчү, колдонулбай үнөм болуп калган акча каражатынын планын бекитүү жөнүндө» №4/1 токтому

Редакция23.09.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

   IV  СЕССИЯСЫ

 

 

2026-жылдын 23-сентябры №4/1                                                                     

 

 

   Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кошумча келип түшкөн жана келип     түшүүчү, колдонулбай үнөм болуп калган акча каражатынын планын бекитүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Дайыргазы уулу Нурландын баяндамасын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймактык айылдык кеңешинин IV сессиясы  токтом кылат:

 

1.    Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн пландан ашык келип түшкөн жана киреше салыгынан, жер салыгы үчүн, ата энелер төлөмүнөн кошумча келип  түшүүчү  акча каражаты сметанын негизинде - 4899,4 миң (төрт миллион сегиз жүз токсон тогуз миң төрт жүз)  сом, атайын каражат -380,0 миң (үч жүз сексен миң) сом жалпы бардыгы -5279,4 миң (беш миллион эки жүз жетимиш тогуз миң төрт жүз) сом акча каражаттары  төмөндөгүчө каралсын:

       КИРЕШЕ БӨЛҮГҮ

·         Салык агенти төлөөчү киреше салыгы - 3500,0 миң сом

·         Жер салыгы үчүн келип түшкөн акча каражаты (максаттуу трансферт) – 754,9 миң сом

·         Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн жыйым-570,0 миң сом

·         Мамлекеттин пайдасына айлантылган кирешелер- 74,5 миң сом

·         Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча кызмат көрсөтүү акысы атайын каражат - 380,0 миң сом

Баары 5279,4 миң сом

ЧЫГАША БӨЛҮГҮ

  •  Башкаруу аппаратына- 3752,6  миң сом
  •  Клуб -86,0 миң сом
  •  Бала бакчага -607,6 миң сом
  •  Мектептерге -453,2 миң сом
  •  Атайын каражат (бала бакчаларга азык түлүк сатып алуу үчүн)- 380,0 миң сом

Баары:5279,4 миң сом

2.    Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн колдонулбай үнөм болуп калган 2645,1 миң(эки миллион алты жүз кырк беш миң бир жүз) сом,  анын ичинен жазылуучу долбоорлорго өздүк салым 1145,3 миң сом, 1-Май айылына латок куруудан 690,0 миң сом, Өзгөрүш айылына кампаны оңдоодон 630,0 миң сом, мамлекеттик сатып алуудан үнөм болгон 179,8 миңсом акча каражаттарын жетишсиз болгон төмөндөгү статьяларга жылдырылсын:

·         Муниципалдык ишканага лизинг үчүн- 100,0 миң сом.

·         Муниципалдык ишканага 1-Май айылынын борбордук көчөсүнө латок орнотууга шагыл жана техникалык жардам үчүн - 233,5 миң сом

·         1-Май айылынын борбордук көчөсүнө латок орнотуу долбооруна өздүк салым - 1146,9 миң сом

·         Өзгөрүш айылдык кампанын ремонтуна кошумча иш үчүн - 319,9 миң сом

·         Өзгөрүш айылына жол чырак орнотуу үчүн - 310,1 миң сом

·         Таштанды чыгаруучу атайын техника үчүн өздүк салым - 239,7 миң сом

·         Авто грейдер сатып алуу үчүн өздүк салым - 150,0 миң сом

·         Өзгөрүш айылдык “Үмүт-Өзгөрүш” балдар бакчасынын материалдык техникалык базасын чыңдоого өздүк салым - 70,0 миң сом

·         Өзгөрүш айылынын С. Райымбеков мектебине жабдууларды сатып алуу үчүн өздүк салым - 75,0 миң сом

Жалпы бардыгы - 2645,1миң (эки миллион алты жүз кырк беш миң бир жүз) сом.

 

3.    Акча каражаттар бекитилген сметага ылайык казына бөлүмү аркылуу түз чыгымдалсын жана аны  көзөмөлдөө жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Дайыргазы уулу Нурланга милдеттендирилсин.

4.    Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук  актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А. Чукулуковго милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

 Абдылдабек Бокоев