ТоктомКүчүндө

Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №53 «Кара-Кыштак айылынын тургуну Каратаев Жамгырчы Исмаиловичтин кайрылуусун аткаруу жөнүндө» токтому

Редакция05.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну № 53

 Кара-Кыштак айылынын тургуну Каратаев Жамгырчы Исмаиловичтин кайрылуусун аткаруу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыштак айылында жайгашкан 400 (төрт жүз) чарчы метр жер тилкесинин багытын өзгөртүү жөнүндө жарандын кайрылуусун, ошондой эле Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Кыштак айылындагы 400 (төрт жүз) чарчы метр жер тилкесинин багытын мечит куруу үчүн өзгөртүүлсүн жана казыятка өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2.    Жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкелери боюнча укук белгилөөчү документтерди   даярдоо үчүн тиешелүү материалдар Кадамжай райондук  шаар куруу жана                 архитектура  боюнча башкармалыгынан оң корутунду алуу жагы менен мыйзамдаштырууга макулдук алуу жагы суралсын.

3.    Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомго ылайык тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча мыйзам чегинде иштерди жүргүзүү тапшырылсын.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                                     А.Юлдашов