РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 852-т (Административдик имаратты жана кеңсе жайын өткөрүп берүү жөнүндө) тескемеси

Редакция13.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР

КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

 

2026-жылдын 13-ноябры № 852-т

 

 

 

Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясына мамлекеттик колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ишин камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин экинчи бөлүгүнө, «Баалоо иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 14-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкүлөр сунушталсын:

1) Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 36 дарегинде жайгашкан административдик имараттын наркын баалоону жана аны мамлекеттин менчигине ээликтен ажыратууну жүргүзүү;

2) бул тескемеден келип чыгуучу чараларды көрүү.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте:

1) Америка Кошмо Штаттары, Нью-Йорк шаары, 866 United Nations Plaza дарегинде жайгашкан № 476 жайдын наркын баалоону жана аны Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын менчигине ээликтен ажыратууну жүргүзсүн;

2) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына бул тескеменин 2-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн жайды өзүнүн менчигине тариздөө боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүргүзүүдө көмөк көрсөтсүн;

3) бул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн административдик имаратты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Казы Дикамбаевич Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академиясынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин;

4) бул тескемеден келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

3. Тиешелүү тарап бул тескемеде көрсөтүлгөн мүлк объекттеринин нарктарындагы айырманы 10 (он) жылдын ичинде төлөп берүүнү камсыз кылсын.

4. Бул тескеме Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев