Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 23-сентябрындагы «Баш-Кайыңды айыл аймагындагы бала бакчаларда ата-энелерден түшкөн взностун өлчөмүн бекитүү жөнүндө» №4/2 токтому
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 23-сентябры №4/2
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы бала бакчаларда ата-энелерден түшкөн взностун өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Бала бакчалардын жетекчилеринин кайрылууларын,айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулунун маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин IV сессиясы токтом кылат :
1. Баш-Кайыңды айыл аймагындагы балдар бакчаларында тарбияланып жаткан балдардын ата-энелеринен чогулуп жаткан взностор, ата-энелеринин макулдугу боюнча Талды-Суу айылдык “Ырыскы-Талды-Суу” балдар бакчасында 1 айга 1 балага кенже топко-1000 сом, жогорку топко- 1200 сом,1-Май айылылындагы А.Кыдыралиева атындагы бала бакчада 1 айга 1 балага-1200 сом,Большевик айылындагы “Аруузат” балдар бакчасында 1 айга 1 балага -1300 сом,Баш-Кайыңды айылындагы А.Шадыбеков атындагы балдар бакчасында 1 айга 1 балага кенже топко-1300 сом, жогорку топко-1500 сом деп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык жактан өнүктурүү бөлүмүнүн башчысы Н.Дайыргазы уулуна тапшырылсын.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы
А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Абдылдабек Бокоев |