ТоктомКүчүндө

Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №55 «Көк-Талаа айылынын тургуну Айдаров Уланбек Сейдалиевичтин кайрылуусу жөнүндө» токтому

Редакция05.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну № 55

 Көк-Талаа айылынын тургуну Айдаров Уланбек Сейдалиевичтин кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Талаа айылынын тургуну Айдаров Уланбек Сейдалиевичтин кайрылуусун карап чыгып, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча комиссиянын оң корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин тиешелүү беренелерине ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Көк-Талаа айылынын тургуну Айдаров Уланбек Сейдалиевичке турак жай үчүн берилген жалпы 1000.0 (миң) чарчы метр жер тилкесинин ичинен 300.0 (үч жүз) чарчы метр жер тилкесине сода сатык курууга макулдук берилсин.

2.    Майдан айыл өкмөтүнө ушул токтомдун негизинде тиешелүү иш кагаздарын жана документтерди даярдап, мыйзам чегинде каттоо иштерин жүргүзүү тапшырылсын.

3.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:                                                                                                                     А.Юлдашов