ТоктомКүчүндө

Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №56 «Ынтымак айылынын тургуну Таштемиров Бектур Султаналиевичтин кайрылуусу жөнүндө» токтому

Редакция05.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну № 56

Ынтымак айылынын тургуну Таштемиров Бектур Султаналиевичтин кайрылуусу жөнүндө

Ноокат районуна караштуу Ынтымак айылынын тургуну Таштемиров Бектур Султаналиевичтин 2025-жылдын 30-декабырындагы №Ы-730 сандуу жазган арызын жана тиркелген корутундулар менен архивтен алынган иш-кагаздарын карап талкуулап, Агрардык жана муниципалдык жерлерди жөнгө салуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Айдаров Сабырдын  оң корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер кодексине жана башка тиешелүү ченемдик укуктук актыларга ылайык, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Ынтымак айылынын тургуну Таштемиров Бектур Султаналиевичтин арызы жактырылсын жана мыйзам чегинде жеке менчик укугу таанылсын.

2.     Майдан айыл аймагына караштуу Так-Тек бөлүмүнөн  сатып алынган чабандын үйү,  короо-сарайы жана айыл чарба багытындагы курулуш астындагы жалпы 1,6 га жер тилкеси Таштемиров Бектур Султаналиевичке жеке менчигине мыйзамдаштылырлып  берүүгө макулдук берилсин.

3.    Ушул токтомдун негизинде тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык даярдап, каттоо иштерин жүргүзүү  Майдан айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                                                     А.Юлдашов