ТоктомКүчүндө

Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №58 «Айрыбаз айылындагы «Келечек-1» бала бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө» токтому

Редакция05.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну № 58

Айрыбаз айылындагы «Келечек-1» бала бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө

Айрыбаз айылындагы «Келечек-1» бала бакчасынын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашырууда Майдан айыл өкмөтүнүн өздүк салымын камсыз кылуу максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Айрыбаз айылындагы «Келечек-1» бала бакчасынын имаратын капиталдык                ремонттон өткөрүү үчүн Майдан айыл өкмөтүнүн өздүк салымы катары                     жергиликтүү бюджеттин каражатынан 530 998 (беш жүз отуз миң тогуз жүз токсон сегиз) сом бөлүнсүн.

2.    Бөлүнгөн каражатты мыйзамдардын талаптарына ылайык каржылоо жана тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү Майдан айыл өкмөтүнүн экономика жана каржы бөлүмүнүн башчысы Токтосунов Каныбекке жүктөлсүн.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин бюджет жана              экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

 

 

Төрага:                                                                                                                     А.Юлдашов