ТоктомКүчүндө

Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 5-июнундагы №59 «Көк-Талаа айылынын тургуну Курбанова Шайыргүл Баетовнанын кайрылуусу жөнүндө» токтому

Редакция05.06.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XIV-сессиясы

 

2026-жылдын 5-июну № 59

 Көк-Талаа айылынын тургуну Курбанова Шайыргүл Баетовнанын кайрылуусу жөнүндө

Майдан айыл аймагындагы Көк-Талаа айылынын тургуну Курбанова Шайыргүл Баетовнанын жеке менчик турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин 100,0 чарчы метр бөлүгүнүн багытын өзгөртүү жөнүндө кайрылуусун карап чыгып, Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Көк-Талаа айылынын тургуну Курбанова Шайыргүл Баетовнанын жеке менчик турак жай куруу үчүн берилген жер тилкесинин 100,0 чарчы метр бөлүгүнүн багытын “пеноблок” өндүрүү үчүн өзгөртүүгө мыйзамда белгиленген тартипте макулдук берилсин.

2.    Майдан айыл өкмөтүнө жер тилкесинин багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү документтерди мыйзам талаптарына ылайык даярдоо жана жол-жоболорду жүргүзүү тапшырылсын.

3.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн

 

 

Төрага:                                                                                                                     А.Юлдашов