ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 27-октябрындагы № 366 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы

Редакция27.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2026-жылдын 27-октябры № 366

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын

3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы № 309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин курамында:

– Чекиров Мамбеткерим Беккелдиевич, Баетов Аяз Батыркулович, Сагынбаев Канат Латипжанович курамдан чыгарылсын;

– Айылчиев Алмаз Асимович – Кыргыз Республикасынын юстиция министри, Имангазиев Алмаз Кулубекович – Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, Арабаев Чолпонкул Исаевич – И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Юридикалык институтунун юриспруденция кафедрасынын башчысы, академик, юридика илимдеринин доктору, профессор, Кайыпов Сулайман Турдуевич – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академик А.А. Алтмышбаев атындагы Философия институтунун cоциалдык философия бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор курамга киргизилсин.

2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 30-октябрындагы № 82 (3842) саны менен жарыяланды

 

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

 

 

С.Н. Жапаров