Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 21-августундагы №64 «Пум айылынын тургуну Садыков Исламидин Халмаметовичтин кайрылуусу жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2026-жылдын 21-августу № 64
Пум айылынын тургуну Садыков Исламидин Халмаметовичтин кайрылуусу жөнүндө
Майдан айыл өкмөтүнө караштуу Пум айылынын тургуну Садыков Исламидин Халмаметовичтин кайрылуусуна негиз Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагына караштуу Аустан айылы, Кызыл-Кыр участкасы, Кара-Жыгач токой бөлүмүнүн №3 кыдырмасынын №183-кварталынан 0,44га жерден чачынды алтынды жекече казып алуу үчүн мыйзам чегинде макулдук берүү Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
2. Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясында белгиленген протоколдук талаптардын аткарылышын камсыздалсын.
3. Бул токтом Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңешинин расмий сайтына жарыялансын жана мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Тоокен жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов