Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 21-августундагы №67 «Айрыбаз, Бак айылдарынын мазар үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) үчүн макулдук берүү жөнүндө» токтому
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы
2026-жылдын 21-августу № 67
Айрыбаз, Бак айылдарынын мазар үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) үчүн макулдук берүү жөнүндө
Айрыбаз, Бак айылдарынын мазар үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин белгиленген тартипте которуу (трансформациялоо) маселесин кароо максатында, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарын жетекчиликке алып, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айрыбаз, Бак айылдарынын мазар үчүн каралган, Ош–Раззаков авто унаа жолунун түштүк тарабындагы №493 контурда жайгашкан 1,05 га жана №504 контурдагы 0,35 га, жалпы 1,40 га, бак дарак ошондой эле Ош–Раззаков авто унаа жолунун батыш тарабындагы №450 контурдагы 0,22 га көп жылдык тыт бактан №451 контурдагы 0,44 га таштуу жайыт, жалпы 0,66 га жер тилкелерин мазар багытына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин. Жалпы аянты — 2,06 га.
2. Майдан айыл өкмөтүнө жер тилкелеринин учурдагы категориясын жана максаттуу багытын тактап, трансформациялоо үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга белгиленген тартипте киргизүү тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Майдан айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Төрага: А.Юлдашов