ТоктомКүчүндө

Майдан айылдык кенешинин 2026-жылдын 2-октябрындагы №69 «V Элдик курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө» токтому

Редакция02.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Майдан айылдык кеңешинин 9-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

 

2026-жылдын 2-октябры № 69

 V Элдик курултайды өткөрүүнү уюштуруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып, V Элдик курултайды өткөрүүнү уюштуруу, жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жана делегаттарды шайлоо максатында, Майдан айыл аймагынын айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Календардык планга ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындары чакырылсын.

2.    V Элдик курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы бекитилсин.

3.    Календардык планда белгиленген мөөнөттөргө ылайык жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү графиги, жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жумушчу топтун мүчөлөрү бекитилсин.

4.    Жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүк ченемине ылайык жыйынга катышуучулардын жалпы саны аныкталсын.

5.    Жергиликтүү коомдоштуктардын жыйындарына катышуучулардын санын аныктоо максатында, айылдар боюнча катышуучулардын квотасы бекитилсин.

6.    Жогорудагы чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын

 

Төрага:                                                                                                                     А.Юлдашов