Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 23-сентябрындагы «Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Талды-Суу айылдык № 5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда күндүзгү стационардык бөлүм ачуу жөнүндө» №4/3 токтому
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 23-сентябры №4/3
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Талды-Суу айылдык № 5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда күндүзгү стационардык бөлүм ачуу жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кеңешинин IV сессиясы токтом кылат :
1. Талды-Суу айылында мурунку Талды-Суу айыл өкмөтүнүн имаратында № 5 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда күндүзгү стационардык бөлүм ачууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик
укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу
катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Абдылдабек Бокоев |