Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 23-сентябрындагы «1-Май айылынын тургундары Мамаканов Жылдызбектин жана Келгенбаева Сырганын арыздары жөнүндө» №4/5 токтому
БАШ-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
IV СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 23-сентябры №4/5
1-Май айылынын тургундары Мамаканов Жылдызбектин жана Келгенбаева Сырганын арыздары жөнүндө
1-Май айылынын тургундары Мамаканов Жылдызбектин жана Келгенбаева Сырганын арыздарын карап жана талкуулап айылдык Кеңешинин IV сессиясы токтом кылат :
1. 1-Май айылынын тургундары Мамаканов Жылдызбектин жана Келгенбаева Сырганын арыздары Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын кароосуна жиберилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Абдылдабек Бокоев |