РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-ноябрындагы № 858-т (Академик Тургунбай Садыков атындагы Улуттук көркөм өнөр академиясынын музейин акысыз убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндө) тескемеси

Редакция16.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

2026-жылдын 16-ноябры № 858-т

 

Кыргыз Республикасынын музейлеринин финансылык-материалдык абалын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-сентябрындагы № 183 «Мамлекеттик мүлктү ижарага, чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартибин регламенттөөчү маселелер жөнүндө» токтому менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүүгө, ыкчам башкарууга, акысыз убактылуу пайдаланууга берүү тартиби жөнүндө жобонун 11-пунктунун 1-пунктчасына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коомуна Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 50 дарегинде жайгашкан, жалпы аянты 4 944,0 кв. м, идентификациялык номери 1-02-04-0028-0070-01, Академик Тургунбай Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөт академиясынын (мындан ары – Академия) пайдалануусунда турган имаратты акысыз убактылуу пайдалануу келишими күчүнө кирген күндөн тартып андан ары узартуу укугу менен 5 жылдык мөөнөткө, аталган келишимде аныкталган тартипте жана шарттарда, аталган имаратка карата Академияда болгон укуктарды токтотпостон жана өткөрбөстөн, анын билим берүү, музей жана илимий багыттарын сактоо жана Академия өзүнүн уставдык ишин тоскоолдуксуз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен убактылуу пайдалануу укугун акысыз негизде белгиленген тартипте берсин.

2. «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:

1) имаратты Академиянын билим берүү, музей жана илимий ишинин үзгүлтүксүздүгүн камсыз кылуу менен пайдалануу;

2) Академиянын кызматкерлеринин, билим алуучуларынын жана келүүчүлөрүнүн ал пайдаланган жайларга макулдашылган иштөө режимине ылайык кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу;

3) имаратты же анын бир бөлүгүн үчүнчү жактарга, анын ичинде ижарага жана/же акысыз пайдаланууга берүүгө тыюу салуу;

4) акысыз убактылуу пайдалануу келишиминде каралган жана Академия жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган көлөмдө, мөөнөттөрдө жана шарттарда, тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен мыйзамдарда белгиленген тартипте имаратты оңдоо, калыбына келтирүү жана реконструкциялоо боюнча иштерди өз каражаттарынын эсебинен каржылоону жана аткарууну камсыз кылуу;

5) имаратты өз каражаттарынын эсебинен күтүү жана андан ары тейлөө, ошондой эле мүмкүн болгон келтирилүүчү зыян үчүн компенсация төлөө;

6) имараттын абалын контролдоону камсыз кылуу;

7) пайдалануу мөөнөтү аяктагандан кийин же акысыз убактылуу пайдалануу келишими мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда имаратты жогоруда аталган келишимде аныкталган абалда нормалдуу эскирүүсүн эске алуу менен акт боюнча кайтарып берүү.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Академия жана «Борбордук Азиялык Капитал Банкы» ачык акционердик коому менен биргеликте белгиленген тартипте:

1) акысыз убактылуу пайдалануу келишимин түзүүнү жана анын курамын, техникалык абалын жана коргоо милдеттенмелерин көрсөтүү менен имаратты кабыл алуу-өткөрүп берүү актын тариздөөнү камсыз кылсын;

2) акысыз убактылуу пайдалануу келишиминде Академиянын пайдалануусунда сакталган жайларды, биргелешип пайдалануу үчүн арналган жайларды, ошондой эле тараптар тарабынан макулдашылган кабаттар боюнча пландын негизинде аларга кирүү тартибин аныктасын;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда келип чыгуучу укуктарды жана чектөөлөрдү тариздөөнү жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү камсыз кылсын;

4) имаратты максаттуу пайдалануу шарттары, Академиянын укуктары же коргоо милдеттенмелери бузулган учурда акысыз убактылуу пайдалануу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотууну камсыз кылсын.

4. Бул тескеме Академия пайдаланып жаткан музейдеги жайларын жана илимий жайларды алып коюуну, музей предметтерин жана коллекцияларын көчүрүүнү, аларды алуучуга берүүнү, ошондой эле имаратка менчик укукту токтотууну же өткөрүүнү карабайт деп белгиленсин.

5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.А. Касымалиев