ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-ноябрындагы № 755 «Мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому

Редакция12.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 12-ноябры № 755

 

 

Мамлекеттик органдарга жана алардын

ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү

тартиби жөнүндө жобону

бекитүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 90-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтомду ишке ашыруу тартылган мамлекеттик органдар үчүн республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттардын жана бекитилген штаттык сандын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-мартындагы № 158 «Мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жеке маалыматтарды башка мамлекеттик кармоочулардан (ээлеринен) алган жеке маалыматтардын пайдаланылышына контроль жүргүзүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев