ЖобоКүчүнө кире элек

Мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-ноябрындагы № 755 токтомуна тиркеме)

Редакция12.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2026-жылдын 12-ноябрындагы № 755 токтомуна тиркеме

 

 

Мамлекеттик органдарга жана алардын

ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү

тартиби жөнүндө жобо

 

1-глава. Жалпы жоболор

 

1. Мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук уюмдарына жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө ушул жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексине ылайык иштелип чыккан жана жеке маалыматтар чөйрөсүндөгү тармактык жөнгө салуучу (мындан ары – тармактык жөнгө салуучу) тарабынан ушул Жобого ылайык текшерүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү тартибин аныктайт.

2. Ушул Жобонун колдонулушу жеке маалыматтарды иштеп чыгууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга жана алардын ведомстволук уюмдарына жайылтылат, буга тиешелүү мамилелер Кыргыз Республикасынын атайын мыйзамдары менен жөнгө салынган түздөн-түз ыкчам-издөө, кылмыш жаза процессуалдык, чалгындоо, контрчалгындоо ишинин, прокуратура органдарынын тергөөнү жана ыкчам-издөө ишин прокурордук көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча ишинин, ошондой эле коргонуу чөйрөсүндөгү иштин алкагында жүзөгө ашырылуучу жеке маалыматтарды иштеп чыгуу кирбейт.

Мамлекеттик сырларды түзгөн жеке маалыматтарды иштеп чыгуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырлар жөнүндө мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.

Мамлекеттик органдардын ишкердик субъекттери болуп саналган ведомстволук уюмдарына текшерүүлөрдү жүргүзүү Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.

3. Текшерүүлөрдү жүзөгө ашырууда тармактык жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 78-беренесинде каралган принциптерди жетекчиликке алат.

4. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана алардын аныктамалары колдонулат:

1) текшерүү – жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын текшерүүнүн субъектинин сакташын баалоо, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу, ошондой эле аларды четтетүү боюнча чараларды көрүү максатында санариптик технологиялык системалардын аудитин камтыган, тармактык жөнгө салуучу тарабынан ушул Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү мамлекеттик контролдун же көзөмөлдүн формасы;

2) пландуу текшерүү – жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын текшерүүнүн субъекттеринин сакташын системалуу контролдоону камсыз кылуу максатында жеке маалыматтардын корголуу деңгээлдеринин негизинде тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилүүчү текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планына ылайык жүргүзүлүүчү текшерүү;

3) пландан тышкары текшерүү – жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын мүмкүн болуучу бузуулар жөнүндө маалыматтарды текшерүү же жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарынын бузулушуна коркунуч жараткан жагдайларды четтетүү максатында текшерүүнүн субъектинин текшерүүлөрдүн ар жылдык планына киргизилгендигине карабастан, ушул Жободо каралган негиздер болгон учурда жүргүзүлүүчү текшерүү;

4) контролдук текшерүү – мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталган жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын бузулушу иш жүзүндө четтетилгендигин ырастоо максатында тармактык жөнгө салуучунун жазма буйругун аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин жүргүзүлүүчү текшерүү;

5) кайра текшерүү – текшерүү актысына каршы пикирлер берилген учурда текшерүүнүн субъектине карата жүргүзүлүүчү кайталап текшерүү;

6) текшерүүнүн субъекттери – Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген мааниде жеке жазуулардын ээлери, санариптик технологиялык системалардын ээлери жана (же) жеке маалыматтарды иштеп чыгуучулар катары чыгуучу мамлекеттик органдар жана алардын ведомстволук уюмдары;

7) текшерүүнүн объекти – текшерүүнүн субъектинин жеке маалыматтарды иштеп чыгуу, пайдалануу, сактоо, берүү, ээсиздендирүү, бөгөттөө, жок кылуу жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иши, ошондой эле жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо үчүн текшерүүнүн субъекти тарабынан көрүлүүчү уюштуруучулук, укуктук жана техникалык чаралар;

8) текшерүү барактары – тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилүүчү, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын чагылдырган, текшерүүнүн субъекттеринин жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоосун баалоонун толуктугун, бирдейлигин жана объективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тармактык жөнгө салуучу тарабынан колдонулуучу контролдук суроолордун тизмектери;

9) жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө акт – текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алуу үчүн жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча таризделүүчү жана текшерүүнүн жүрүшү, белгиленген жагдайлар, аныкталган бузуулар (алар болгон учурда), тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдарынын тыянактары жана текшерүүнүн предметине тиешелүү башка жагдайлар жөнүндө маалыматтарды камтыган расмий документ;

10) жазма буйрук – текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча чыгарылуучу жана аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө талаптарды, аларды четтетүү мөөнөттөрүн жана жазма буйруктун аткарылышы жөнүндө маалымдоо тартибин камтыган тармактык жөнгө салуучунун аткарууга милдеттүү актысы.

 

2-глава. Текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун максаттары жана милдеттери

 

5. Текшерүүлөр жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын (мындан ары – Талаптар) текшерүүнүн субъекттеринин сактоосун камсыз кылуу, жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

6. Текшерүүлөрдү жүзөгө ашыруунун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Талаптарды бузуулардын алдын алуу;

2) жеке маалыматтарды иштеп чыгууда текшерүүнүн субъекттери тарабынан жол берилген Талаптарды бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу;

3) текшерүүнүн субъекттеринин жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун тартибин жөнгө салуучу Талаптарды сактоосун баалоо;

4) жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу жана аларга укукка сыйбаган жеткиликтүүлүктү болтурбоо үчүн текшерүүнүн субъекттери тарабынан көрүлүүчү уюштуруучулук, укуктук жана техникалык чаралардын жетиштүүлүгүн баалоо.

7. Текшерүүлөр төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат:

1) жеке маалыматтардын субъекттеринин Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын камсыз кылуу;

2)     текшерүүнүн субъекттеринин тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдары тарабынан мурда берилген жазма буйруктарды аткаруусун текшерүү;

3)     Талаптарды бузууларга өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо, ошондой эле аларды четтетүү боюнча сунуштарды даярдоо;

4)     консультация берүү, маалымдоо жана башка алдын алуу иш-чаралары аркылуу Талаптарды бузуулардын алдын алууну жүзөгө ашыруу.

8. Текшерүүлөр ушул Жободо каралган пландуу, пландан тышкары, контролдук текшерүүлөрдү жана кайра текшерүүлөрдү жүргүзүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

 

3-глава. Талаптарды бузуулардын алдын алуу

 

9. Талаптарды бузуулардын алдын алуу максатында тармактык жөнгө салуучу текшерүүнүн субъекттеринин Талаптарды сактоо деңгээлин жогорулатууга жана жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына зыян келтирүүнү болтурбоого багытталган алдын алуу иш-чараларын жүзөгө ашырат.

10. Алдын алуу иш-чараларына төмөнкүлөр кирет:

1)     консультация берүү;

2)     талаш маселелер боюнча сунуштамаларды берүү.

11. Консультация берүү тармактык жөнгө салуучу тарабынан текшерүүнүн субъекттеринин кайрылуулары боюнча оозеки, жазуу жүзүндө же санариптик формада, ошондой эле телефон байланышы жана видеоконференцбайланыш аркылуу жүзөгө ашырылат.

12. Консультация төмөнкү маселелер боюнча берилет:

1)     Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин жана жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын сактоо;

2)     текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби;

3)     тармактык жөнгө салуучунун жазма буйруктарын аткаруу;

4)     Талаптарды колдонуу;

5)     тармактык жөнгө салуучунун компетенциясына кирген башка маселелер.

13. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн катышуучуларынын ортосунда жеке маалыматтарды иштеп чыгууга байланышкан талаш маселелер келип чыккан учурда, тармактык жөнгө салуучу жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуунун бирдиктүү практикасын иштеп чыгууга багытталган жумушчу кеңешмелерди, консультацияларды жана башка иш-чараларды уюштурууга укуктуу.

14. Талаш маселелерди кароонун жыйынтыктары боюнча тармактык жөнгө салуучу жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу боюнча түшүндүрмөлөрдү камтыган сунуштамаларды даярдоого укуктуу.

 

4-глава. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдөгү чектөөлөр

 

15. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдары жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын, текшерүүнүн субъекттеринин укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоого, ошондой эле текшерүүлөрдүн объективдүүлүгүн, толуктугун жана калыстыгын камсыз кылууга милдеттүү.

16. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдары санариптик технологиялык системаларды текшерүүнүн субъектинин жооптуу адамынын катышуусунда гана окуу (көрүү) режиминде текшерүүгө укуктуу.

17. Текшерүүлөрдү жүргүзүүдө төмөнкүлөргө жол берилбейт:

1)     ушул Жободо каралган укуктук негиздер жок болгон учурда текшерүү жүргүзүүгө;

2)     текшерүүнүн субъектинен текшерүүнүн предметине тиешеси жок документтерди, маалымдарды же маалыматты талап кылууга;

3)     текшерүүнүн предметине тиешеси жок маселелер боюнча текшерүүнүн субъектинин ишине кийлигишүүгө;

4)     жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, текшерүү жүргүзүүдө белгилүү болгон жеке маалыматтарды, кызматтык же мыйзам менен корголуучу башка сырды камтыган маалыматтарды ачыкка чыгарууга;

5)     жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен алынган текшерүүнүн субъекттери жөнүндө маалыматты чогултууга, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга;

6)     жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленбеген талаптарды аткарууну талап кылууга;

7)     текшерүү жүргүзүүнүн белгиленген мөөнөттөрүнөн ашырууга.

 

5-глава. Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби

 

18. Ушул Жобого ылайык текшерүүлөрдүн төмөнкү түрлөрү бар:

1)     пландуу текшерүү;

2)     пландан тышкары текшерүү;

3)     контролдук текшерүү;

4)     кайра текшерүү.

19. Пландуу текшерүүлөр тармактык жөнгө салуучу тарабынан бекитилүүчү текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планынын негизинде жылына бир жолудан ашык эмес жүргүзүлөт.

Текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 2-июнундагы № 384 «Санариптик технологиялык системаларда жеке дайындарды иштетүүдө жеке дайындардын корголушунун белгиленген деңгээлдерине ылайык аларды коргоо боюнча талаптарды бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген Санариптик технологиялык системаларда жеке дайындарды иштетүүдө жеке дайындардын корголушунун белгиленген деңгээлдерине ылайык аларды коргоо боюнча талаптарга ылайык аныкталуучу жеке маалыматтардын корголуу деңгээлдерин эске алуу менен түзүлөт.

Ар жылдык планды түзүүдө иштелип чыгуучу жеке маалыматтардын мүнөзү жана көлөмү, мурда аныкталган бузуулардын, жеке маалыматтардын субъекттеринен келип түшкөн кайрылуулардын болушу, ошондой эле текшерүүнүн тиешелүү субъектисин акыркы текшерген датадан тартып өткөн мөөнөт да эске алынат.

20. Текшерүүлөрдүн пландары тармактык жөнгө салуучунун расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу милдеттүү түрдө жарыяланууга тийиш.

21. Текшерүүнүн субъектине пландуу текшерүү жүргүзүү жөнүндө ал баштала турган датага чейин кеминде он календардык күн мурда кабарланат.

Кабарламада төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

1)  пландуу текшерүүнү жүргүзүү башталган жана аяктаган дата;

2)  текшерүү жүргүзүлүүчү мамлекеттик органдын же анын ведомстволук уюмунун аталышы.

Кабарлама «Электрондук документ жүгүртүүнүн мамлекеттик системасы» автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу кат менен жөнөтүлөт.

22. Текшерүүнүн субъектинин ыйгарым укуктуу адамы кабарламаны алгандан кийин белгиленген убакытта пландуу текшерүүнү жүргүзүүгө катышууга милдеттүү.

23. Текшерүүнүн субъектисине текшерүү жүргүзүүгө кызмат адамын жөнөтүү үчүн негиз болуп тармактык жөнгө салуучунун жетекчиси чыгарган буйрук саналат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1)     текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук берилген кызмат адамынын (кызмат адамдарынын) фамилиясы, аты, атасынын аты жана ээлеген кызмат орду;

2)     текшерүү жүргүзүүнүн түрү, максаты, предмети жана укуктук негизи;

3)     текшерүүчү топтун курамы (бир нече кызмат адамы тартылган учурда);

4)     текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү.

24. Пландуу текшерүү тармактык жөнгө салуучунун бекитилген текшерүү баракчасына ылайык жүргүзүлөт.

25. Пландуу текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү ал башталган күндөн тартып он төрт жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.

26. Пландан тышкары текшерүү текшерүүнүн субъектинин текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн ар жылдык планына киргизилгендигине карабастан жүргүзүлөт.

27. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат:

1)     тармактык жөнгө салуучунун текшерүүнүн субъектисинен ага карата текшерүү жүргүзүү жөнүндө арыз алышы;

2)     тармактык жөнгө салуучунун жеке же юридикалык жактан текшерүүнүн субъекти тарабынан жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын мүмкүн болгон бузулушу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз алышы;

3)     Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде каралган тартипте жеке маалыматтардын субъекттеринин укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир этүүчү инцидент жөнүндө кабарлама алуу же белгиленген мөөнөттө кабарлама берилбегенде мындай инцидентти аныктоо;

4)     тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамынын ачык булактарга, анын ичинде расмий сайттарга, социалдык тармактарга жана Интернет маалыматтык-телекоммуникациялык тармагындагы башка ресурстарга мониторинг жүргүзүүдө жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын бузулушунун белгилерин аныкташы;

5)     тармактык жөнгө салуучунун жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө Талаптарды бузуунун белгилерин аныктаган учурдагы демилгеси;

6)     башка көзөмөлдөөчү органдан же башка мамлекеттик органдан текшерүүнүн субъекти тарабынан Талаптардын мүмкүн болуучу бузулушун күбөлөндүргөн маалымат алуу.

28. Ушул Жобонун 27-пунктунун 3–5-пунктчаларында каралган негиздер боюнча пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим тармактык жөнгө салуучунун жетекчиси тарабынан тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамынын жүйөлүү корутундусунун негизинде кабыл алынат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) тиешелүү ченемдерди көрсөтүү менен Талаптарды бузуунун аныкталган белгилери;

2) маалыматтын булагы жана ырастоочу материалдар (анын ичинде датасы жана убактысы көрсөтүлүп белгиленгендер);

3) бузуунун аныкталган белгилери тиешелүү болгон текшерүүнүн субъекти;

4) текшерүү жүргүзбөстөн жагдайларды аныктоо мүмкүн эместигинин негиздемеси.

29. Ушул Жобонун 27-пунктунун 2-пунктчасынын негизинде тармактык жөнгө салуучуга берилүүчү арыздар төмөнкү минималдуу маалыматтарды камтууга тийиш:

1) жеке жак үчүн – фамилиясы, аты, атасынын аты, почта дареги, байланыш маалыматтары, жооп жөнөтүлүүгө тийиш болгон жайгашкан жери; юридикалык жак үчүн – уюмдун аталышы;

2) арыз ээсинин бузулган укугунун жана (же) кызыкчылыгынын маңызы;

3) арыз ээсинин укуктарынын жана (же) кызыкчылыктарынын бузулгандыгын көрсөтүүчү документтердин, башка материалдардын түп нускалары же көчүрмөлөрү.

Тармактык жөнгө салуучуга кайрылган адамдын фамилиясын, атын, атасынын атын, почта дарегин, байланыш маалыматтарын жана жайгашкан жерин аныктоого мүмкүндүк бербеген арыз пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиз боло албайт.

30. Эгерде кайрылууну кароонун жүрүшүндө арызда баяндалган фактылар мурда текшерилгендиги аныкталса, кайрылуунун авторуна мурда жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыктары камтылган жооп жөнөтүлөт, буга кайрылууда мурдагы текшерүүнүн предмети болбогон жаңы жагдайлар же маалыматтар камтылган учурлар кирбейт.

31. Пландан тышкары текшерүү аны жүргүзүү үчүн негиз болгон маселелердин алкагында жүзөгө ашырылат.

32. Пландан тышкары текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү жети жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.

33. Контролдук текшерүү мурдагы текшерүүнүн жүрүшүндө аныкталган бузуулардын текшерүүнүн субъекти тарабынан жоюлушун текшерүү максатында жүргүзүлөт.

34. Тармактык жөнгө салуучу жазма буйрукту аткаруу мөөнөтү аяктагандан кийин контролдук текшерүүнү жүзөгө ашырууга укуктуу.

35. Контролдук текшерүүнүн мөөнөтү эки жумуш күнүнөн ашпоого тийиш.

36. Кайра текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп текшерүүнүн субъектинин текшерүү актысын алган күндөн тартып он жумуш күнүнүн ичинде ага карата жазуу жүзүндөгү каршы пикирлерди бериши саналат.

Кайра текшерүү каршы пикирлерде баяндалган жүйөлөрдүн негиздүүлүгүн текшерүү максатында жүргүзүлөт.

37. Текшерүүнүн субъектинин текшерүү актысына каршы пикирлери алар алынган күндөн тартып отуз календардык күндүн ичинде баштапкы текшерүүгө катышпаган тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамы тарабынан каралат. Кароонун жыйынтыктары боюнча кайра текшерүү жүргүзүү же аны жүргүзүүдөн баш тартуу жөнүндө негиздери көрсөтүлгөн жүйөлүү чечим кабыл алынат. Аталган чечим текшерүүнүн субъектине тапшырылат.

Каршы пикирлерди берүү мөөнөтүн өткөрүп жиберүү же каршы пикирлерде текшерүү актысынын тыянактарына тиешелүү жүйөлөрдүн жоктугу баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.

Эгерде берилген документтер жана маалыматтар каршы пикирлерди кароо үчүн жетишсиз болсо, тармактык жөнгө салуучу текшерүүнүн субъектинен кошумча документтерди жана маалыматтарды суроого укуктуу.

38. Кайра текшерүү баштапкы текшерүүгө катышпаган тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдары тарабынан каршы пикирлерде баяндалган жүйөлөрдү текшерүү үчүн зарыл болгон көлөмдө жүргүзүлөт. Текшерүү актысынын текшерүүнүн субъекти тарабынан талашка коюлбаган жагдайлары жана тыянактары кайталап текшерүүгө жатпайт.

 

6-глава. Текшерүүлөрдү уюштуруу жана жүргүзүү

 

39. Текшерүү жүргүзүүдө тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамы төмөнкүлөргө укуктуу:

1)     ушул Жобонун 16 жана 45-пункттарында белгиленген тартипте текшерүүнүн субъектинин санариптик технологиялык системаларына жана санариптик сервистерине, анын ичинде маалыматтарды иштеп чыгуу борборлоруна, тармактык жабдууларга жана жеке маалыматтарды иштеп чыгуу процессине тартылган башка жабдууларга жеткиликтүүлүк алууга;

2)     техникалык документтерге жана жеке маалыматтарды иштеп чыгуунун архитектурасына жана технологиялык процесстерине тиешелүү бөлүгүндө түздөн-түз жумушчу чөйрөдө жеткиликтүүлүк алууга;

3)     текшерүүнүн предметине тиешелүү документтерди, маалыматтарды жана материалдарды суроого жана алууга;

4)     текшерүү жүргүзүү үчүн жумуш ордун бөлүп берүүнү суроого;

5)     текшерүүнүн субъектинин кызмат адамдарынан анын санариптик технологиялык системаларынын, санариптик ресурстарынын, санариптик сервистеринин жана санариптик тиркемелеринин иштеши боюнча жазуу жүзүндө жана оозеки түшүндүрмөлөрдү алууга;

6)     жеке маалыматтарды иштеп чыгууну регламенттөөчү локалдык ченемдик актыларды изилдөөгө;

7)     жеке маалыматтардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруучулук жана техникалык чаралардын сакталышын текшерүүгө;

8)     текшерүү үчүн мааниге ээ жагдайларды ырастоо үчүн текшерүүнүн субъектинин жооптуу адамынын катышуусунда фото, аудио жана видеокаттоо каражаттарын пайдаланууга;

9)     ушул Жободо каралган протоколдорду, текшерүү актыларын жана башка документтерди түзүүгө.

Фото-, аудио- жана видеокаттоо каражаттарын пайдалануу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен жүзөгө ашырылат.

Документтер, санариптик технологиялык системалар жана берилген жеткиликтүүлүктүн көлөмү жөнүндө маалыматтар, анын ичинде аны берүү датасы жана убактысы жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө актыда чагылдырылат.

40. Текшерүү иш-чараларын жүргүзүү, анын ичинде текшерүүнүн субъектинин санариптик технологиялык системаларына жана санариптик сервистерине жеткиликтүүлүк алуу мамлекеттик санариптик технологиялык системалардын үзгүлтүксүз иштешине жана мамлекеттик органдын жана анын ведомстволук уюмдарынын аларга жүктөлгөн функцияларды жана ыйгарым укуктарды аткаруусуна тоскоолдук кылбоого тийиш. Тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдары текшерүүнүн субъекти менен мындай системаларга жеткиликтүүлүктүн убактысын жана тартибин алардын ишинин бузулуу тобокелдиктерин минималдаштыргандай түрдө макулдашууга милдеттүү.

41. Текшерүүнүн субъекти текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл шарттарды түзүүгө, жооптуу кызмат адамдарынын катышуусун камсыз кылууга, текшерүүнүн предметине тиешелүү документтерди, маалыматтарды, санариптик технологиялык системаларга жеткиликтүүлүктү жана башка материалдарды берүүгө, ошондой эле тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамынын мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылбоого милдеттүү.

42. Эгерде текшерүүнүн субъекти жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн коммерциялык же коммерциялык эмес уюмду тартса, текшерүүнүн субъекти тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдарына текшерүүнүн предметине түздөн-түз байланышкан документтерге, санариптик технологиялык системаларга, санариптик сервистерге, жайларга, жабдууларга, программалык-техникалык каражаттарга, маалымат алып жүрүүчүлөргө жана башка материалдарга текшерүүнүн максаттарына жетүү жана ушул Жободо каралган милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө тоскоолдуксуз жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү.

43. Документтер жана маалыматтар текшерүүнүн субъекти тарабынан кагаз түрүндө жана (же) санариптик форматта берилиши мүмкүн.

 

7-глава. Текшерүүнүн субъектинин аймагына жана

жайларына кирүү

 

44. Текшерүү жүргүзүү максатында текшерүүнүн субъекти тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдарына жеке маалыматтарды иштеп чыгуу үчүн пайдаланылуучу аймакка, администрациялык имараттарга, кызматтык жана башка жайларга, ошондой эле текшерүүнүн предметине түздөн-түз байланышкан санариптик технологиялык системаларга, санариптик сервистерге, документтерге, архивдерге, техникалык каражаттарга жана башка материалдарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү.

45. Тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдарынын объекттерге, санариптик технологиялык системаларга, санариптик сервистерге, документтерге, архивдерге, техникалык каражаттарга жана башка материалдарга жеткиликтүүлүгү текшерүү жүргүзүү жөнүндө буйрукта көрсөтүлгөн текшерүүнүн предметинин чегинде гана жана текшерүүнүн максаттарына жетүү үчүн зарыл болгон көлөмдө жүзөгө ашырылат.

Жеткиликтүүлүктү жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларды коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптары сакталууга тийиш.

Текшерүүнүн предметине тиешеси жок документтерди, маалыматтарды алууга, санариптик технологиялык системаларга, жайларга жана башка объекттерге жеткиликтүүлүккө, ошондой эле текшерүүнүн субъектинин текшерүү жүргүзүүгө байланышпаган ишине кийлигишүүгө жол берилбейт.

 

8-глава. Текшерүүнүн жыйынтыктарын тариздөө

 

46. Текшерүү аяктагандан кийин тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө акт эки нускада түзүлөт.

47. Жүргүзүлгөн текшерүү жөнүндө акт төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1)     текшерүү жүргүзүлгөн дата жана жер;

2)     текшерүү жүргүзүүнүн негизи;

3)     текшерүүнүн субъекти жөнүндө маалыматтар;

4)     текшерүүчү топтун курамы;

5)     текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөттөрү;

6)     жүргүзүлгөн текшерүү аракеттеринин сыпаттамасы;

7)     жеткиликтүүлүктү берүүнүн көлөмүн, датасын жана убактысын көрсөтүү менен текшерүүнүн субъекти жеткиликтүүлүк берген документтердин, санариптик технологиялык системалардын, санариптик сервистердин, жайлардын жана башка объекттердин тизмеги;

8)     белгиленген иш жүзүндөгү жагдайлар;

9)     Талаптардын аныкталган бузулуулары же алардын жоктугу жөнүндө маалыматтар;

10)  текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча тыянактар жана сунуштар.

48. Актынын бир нускасы текшерүүнүн субъектинин жетекчисине же башка ыйгарым укуктуу өкүлүнө алгандыгы жөнүндө кол койдуруу менен тапшырылат.

Текшерүүнүн жыйынтыктарына карабастан, актыга текшерүү жүргүзгөн кызмат адамы, текшерүүнүн субъектинин жетекчиси же башка ыйгарым укуктуу өкүлү кол коёт.

49. Талаптардын бузулуулары аныкталган учурда тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамы текшерүүнүн субъектине конкреттүү иш-чараларды, аларды аткаруу мөөнөттөрүн жана жазма буйруктун аткарылышы жөнүндө маалымат берүүнүн тартибин көрсөтүү менен аныкталган бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук берет.

Жазма буйрук жеке маалыматтарды тактоо, бөгөттөө же өчүрүү, жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылып жаткан жеке маалыматтарды иштеп чыгууну токтото туруу жөнүндө талаптарды, ошондой эле аныкталган бузууларды жана алардын кесепеттерин жоюуга багытталган башка чараларды камтышы мүмкүн.

Жазма буйрукту аткаруу мөөнөтү аныкталган бузуунун мүнөзүн жана даражасын, зарыл болгон уюштуруучулук жана техникалык чаралардын көлөмүн, укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына таасир тийгизилиши мүмкүн болгон жеке маалыматтардын субъекттеринин санын, жеке маалыматтардын субъекттерине зыян келтирүү тобокелдигинин болушун, ошондой эле мамлекеттик санариптик технологиялык системалардын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуунун зарылдыгын эске алуу менен аныкталат.

Аныкталган бузуу жеке маалыматтарга мыйзамсыз жеткиликтүүлүктүн, жайылтуунун, өзгөртүүнүн, бөгөттөөнүн, жок кылуунун же башка укукка сыйбаган иштеп чыгуунун түздөн-түз тобокелдигин жараткан учурларда жазма буйрукта тиешелүү чараларды аткаруунун кыскартылган мөөнөттөрү белгилениши мүмкүн.

50. Текшерүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар тармактык жөнгө салуучу аныктаган тартипте жазуулардын ээлеринин реестрине киргизилет.

51. Текшерүүнүн материалдары тармактык жөнгө салуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын архив иши чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык сакталууга тийиш.

 

9-глава. Корутунду жоболор

 

52. Текшерүүнүн субъекттери тармактык жөнгө салуучунун кызмат адамдарынын текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча коюлган мыйзамдуу талаптарын жеке маалыматтарды коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Жободо белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө аткарууга милдеттүү.

53. Тармактык жөнгө салуучунун текшерүү жүргүзүүдө же анын жыйынтыктары боюнча кабыл алынган (жасалган) жана текшерүүнүн субъектинин укуктарын бузган чечимдерине, аракеттерине (аракетсиздигине) Кыргыз Республикасынын административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанылат.

54. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын Санарип кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.