ТоктомКүчүнө кире элек

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-ноябрындагы № 756 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 261 «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому

Редакция16.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 16-ноябры № 756

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 261 «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 17-июлундагы № 261 «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу, балык чарба көлмөлөрүндө балык запастарын сактоо жана көбөйтүү максатында, «Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1.            Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Балык өнөр жай комплекси департаменти төмөнкүлөрдү жүргүзүү үчүн балык уулоо учурларын кошпогондо, Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык уулоого балык уулоочулук документтерди берүүнү үч жылдык мөөнөткө убактылуу токтотуп турсун:

– балык запастарын жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча белгиленген тартипте бекитилген жана макулдашылган пландык иштерди;

– ышкыбоздук жана спорттук балык уулоону;

– балыктардын аборигендик өнөр жайлык эмес түрлөрүнүн санын жөнгө салуу боюнча ар жылдык мелиоративдик иштерди;

– илимий-изилдөө иш-чараларын жана балык запастарынын абалына ихтиологиялык мониторингди.

2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги:

– мораторий колдонулган мезгилде Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балык запастарын көбөйтүү жана балыктандыруу максатында ысык-көл форелин, сига-лудоганы жана карп-сазанды жасалма өндүрүп чыгаруу боюнча иштерди үзгүлтүксүз жүргүзсүн;

– жыл сайын Соң-Көлдө балыктардын аборигендик түрлөрүнүн ашыкча санын жөнгө салуу боюнча мелиоративдик иштерди жүргүзсүн;

– жыл сайын 30-декабрга чейинки мөөнөттө ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте жазгы-жайкы жана күзгү урук чачуу мезгилдеринде ар жылдык илимий, ихтиологиялык изилдөөлөрдү, ошондой эле Ысык-Көлдөгү жана Соң-Көлдөгү балыктын чийки зат запастарынын абалына мониторинг жүргүзүү жолу менен белгиленген мораторийдин балык запастарын сактоого жана көбөйтүүгө тийгизген таасирин баалоо боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаратылышты коргоо жана укук коргоо органдарынын Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө мыйзамсыз балык уулоо жана браконьерлик учурларын болтурбоо маселелери боюнча биргелешкен иш-аракеттерин координациялоону камсыз кылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана ветеринардык көзөмөл чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө браконьерлик жана мыйзамсыз балык уулоо учурларын аныктоодо жана бөгөт коюуда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине көмөк көрсөтсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 594 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 10-июлундагы № 172 «Ысык-Көлдө жана Соң-Көлдө балыкты өндүрмөлүк кармоого мораторий киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев