Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 5-октябрындагы «Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө» №21/132 токтому
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
Мин-Булак айыл аймагынын
айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IV кезексиз сессиясы
2026-жылдын 5-октябры №21/132
Кезектеги V Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Мин-Булак айыл жарандардын жыйындарын жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүү максатында, Мин-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIХ чакырылышынын IV кезексиз сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 3-сентябрындагы ПЖ №309 «Кезектеги V Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун 2-пунктунда аныкталган нормага ылайык, Мин-Булак айыл аймагынын калкынын саны 15733 адам болгондуктан өкүлчүлүктүү жыйындарга катышуучу өкүлдөрдүн саны 80 деп бекитилсин.
3. Айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча коомдоштуктун жыйындарын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны жана квотасы калкынын санына жараша 2-тиркемеге ылайык гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын.
5. Мин-Булак айыл аймагында бөлүнгөн бөлүктөр боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү 2026-жылдын 8-октябрдан 16-октябрына чейин белгиленсин (3-тиркеме).
6. Кезектеги IV Элдик Курултайга делегатты шайлоо боюнча коомдоштуктардын жыйынын өткөрүү 2026-жылдын 24-октябрь айы деп белгиленсин.
7. Жумушчу топ, бекитилген графиктер боюнча коомдоштуктардын жыйындарын өткөрүү боюнча зарыл чараларды көрүшсүн жана Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо тартиби жөнүндө жобонун талаптарын аткарууга алышсын.
8. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, min-bulak.gov.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: |
И. Мукамбетов |