Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-ноябры № 153 «2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 7-ноябры № 153
2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
2026-жылдын 11-майында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Сейшел Аралдары Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыска мөөнөттүү жүрүү үчүн визалык режимди жокко чыгаруу жөнүндө макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө сейшел тарапка кабарласын.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |
|
|
|
2026-жылдын 15-октябрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |