ТоктомКүчүндө

Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 30-октябрындагы «Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен келген жер салыгынан 903 000 (тогуз жүз үч миң) сом түшкөн акча каражатын киргизүү жөнүндө» №1 токтому.

Редакция30.10.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 30-октябры   №1 

 

    Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жана республикалык бюджеттен келген жер салыгынан 903 000 (тогуз жүз үч миң) сом түшкөн акча каражатын киргизүү жөнүндө.

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 51-беренесине ылайык, Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөрдү жер салыгынан 903 000 (тогуз жүз үч миң) сом түшкөн акча каражатын киргизүү жөнүндө угуп жана талкуулап Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

1.            Республикалык бюджеттен келген жер салыгынан 903 000 (тогуз жүз үч миң) сом түшкөн акча каражаты Чаек айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүмүнө кириштелсин.

2.            Чыгаша бөлүмү Республикалык бюджеттен келген 903 000 (тогуз жүз үч миң) сом түшкөн акча каражаты 3112 беренесине МСО догу муниципалдык базардын трансформаторун алууга жана орнотууга каржылансын.

3.            Айыл өкмөтүнүн сметасында каралган АУП 2222 беренесиндеги 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты 3112 беренесине МСО догу муниципалдык базардын трансформаторун алууга жана орнотууга жылдырылсын.

4.            Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айылдык кеңешинин Финансы-экономика жана пландоо Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

                   

Төрага

А. Муталиев