Чаек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 30-октябрындагы «2026-жылдын 9 айлыгына карата Чаек айыл аймагындагы Байчечекей-Жумгал бала бакчасынын тамак ашына дагы кошумча 400,0 миң сом планы бекитип берүү жөнүндө» №2 токтому.
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXVIII СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 30-октябры №2
2026-жылдын 9 айлыгына карата Чаек айыл аймагындагы Байчечекей-Жумгал бала бакчасынын тамак ашына дагы кошумча 400,0 миң сом планы бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча,Чаек айылдык кеңешинин финансы-экономика жана пландоо бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезексиз сессиясы угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаек айыл өкмөтүнүн кайрылуусу боюнча 2026-жылдын 9 айлыгына карата Чаек айыл аймагындагы Байчечекей-Жумгал бала бакчасынын тамак ашына дагы кошумча 400,0 миң сом планы бекитип берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп “chaek-aimak.kg” сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чаек айыл аймагынын айылдык кенешинин Финансы-экономика жана пландоо Бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Муталиев |