РаспоряжениеКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-ноябрындагы № 851-т ("2026-жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин корутундусун жактыруу жөнүндө) тескемеси

Редакция13.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ

 

 

2026-жылдын 13-ноябры № 851-т

 

 

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 65-беренесинин 2-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:

 

1. 2026-жылдын 31-июлунда Чолпон-Ата шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы Союздук мамилелер жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн Келишимден келип чыгуучу милдеттенмелерди аткаруу үчүн жооптуу болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тиркелген корутундусу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

 

А.А. Касымалиев