ПриказКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 5-ноябры № 05/2-17/331 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 05/2-17/95»Кыргыз асман«ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө» буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" буйругу

Редакция05.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СУУ РЕСУРСТАРЫ, АЙЫЛ ЧАРБА ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮ ӨНӨР ЖАЙЫ МИНИСТРЛИГИНИН

БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 5-ноябрындагы № 05/2-17/331

 

Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 05/2-17/95 “Кыргыз асман” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 566 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 409 “Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалыматтарды ачуу маселелери тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 2-пунктун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө жобонун 14-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин (мындан ары – Министрлик) 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 05/2-17/95 “Кыргыз асман” ачык акционердик коомунун уставын бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган буйрук менен бекитилген “Кыргыз асман” ачык акционердик коомунун уставында:

– төмөнкүдөй мазмундагы 771 жана 772 пункттар менен толукталсын:

“771. Коом мамлекеттик ишканалардын жана мамлекеттик үлүшү бар чарба коомдорунун иши жөнүндө жыйынды отчетторду түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтарды жана отчеттуулукту мамлекеттик ишканалардын жана катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун мезгилдүү жыйынды отчетторун чогултуу жана түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.

77². Коомдун башкы директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мезгилдүү жыйынды отчетторду чогултуу жана түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүчү финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтын жана отчеттуулуктун толуктугу, аныктыгы жана өз убагында берилиши үчүн жоопкерчилик тартат.”.

2. Министрликтин санариптештирүү жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү бөлүмү:

– ушул буйрук катталган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-февралындагы № 117 “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын расмий жарыялоонун булактары жөнүндө” токтомуна ылайык анын расмий жарыяланышын камсыз кылсын;

– ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, жарыяланган булагы жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтсүн;

– ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде, кагаз жана электрондук түрдө маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо белгиленген иш чөйрөсүндөгү маселелерди тейлеген министрдин орун басарына жүктөлсүн.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасынын орун басары-министр

 

 

Э.А. Акунбеков