ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 9-ноябрындагы № 749 «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250»Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция09.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 

2026-жылдын 9-ноябры № 749

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

 

"Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 11, 12-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 250 "Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жөнүндө жободо:

- 1-пункттун 1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жыйырманчы абзац менен толукталсын:

"- мамлекеттик кызматтарды, муниципалдык кызматтарды жана жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү;";

- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 12-пунктча менен толукталсын:

"12) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүүнү камсыз кылуу.";

- 12-пунктта:

1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы сексен биринчи жана сексен экинчи абзацтар менен толукталсын:

"- мамлекеттик кызматтарды, муниципалдык кызматтарды жана жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты түзөт жана ишке ашырат;

- мамлекеттик кызматтарды, муниципалдык кызматтарды жана жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү системасын өркүндөтүү боюнча чараларды иштеп чыгат жана ишке ашырат;";

2-пунктчада:

экинчи жана үчүнчү абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин, ошондой эле Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмектерин жүргүзүү тартибин бекитет;

- Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин түзүүнү жана жүргүзүүнү уюштурат, ага киргизүү үчүн сунушталган кызмат көрсөтүүлөрдүн мыйзамдарда белгиленген критерийлерге шайкештигин жана аларды акы төлөнүүчү негизде көрсөтүүнүн негиздүүлүгүн баалоону жүргүзөт;";

төмөнкүдөй мазмундагы отузунчу-отуз үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

"- кызмат көрсөтүүлөрдүн проактивдүү (арызсыз) форматын киргизүү тартибин жана талаптарды иштеп чыгат;

- айрым функцияларды жана мамлекеттик (муниципалдык) кызмат көрсөтүүлөрдү ишкердик субъекттерине жана мамлекеттик эмес уюмдарга аутсорсингге берүү тартибин иштеп чыгат;

- кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө маалымдоо тартибине карата бирдиктүү талаптарды бекитет;

- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөткөндүгү үчүн акынын өлчөмүн аныктоо тартибин иштеп чыгат;";

3-пунктчада:

он үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кызмат көрсөтүүлөрдү системалаштыруу, алардын белгиленген критерийлерге шайкештигин баалоо, ошондой эле аларды көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселелери боюнча методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтөт;";

төмөнкүдөй мазмундагы кырк төртүнчү-кырк алтынчы абзацтар менен толукталсын:

"- кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө мыйзамдардын талаптарынын сакталышы боюнча администраторлордун жана кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруучулардын ишине жана аларды көрсөтүүнүн санариптик формасынын артыкчылыгынын сакталышына контролду жүзөгө ашырат;

- кызмат көрсөтүүлөрдүн администраторлору жана көз карандысыз эксперттер менен бирдикте жарандардын жана юридикалык жактардын көрсөтүлүүчү кызматтарынын сапатына, жеткиликтүүлүгүнө жана өз убагында көрсөтүлүшүнө (анын ичинде кайтарым байланыштын санариптик сервистери аркылуу) канааттануу деңгээлине үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштурат жана өткөрөт;

- мамлекеттик кызматтарды, муниципалдык кызматтарды жана жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтарды санариптик формада көрсөтүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;";

4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине ылайык Министрликтин борбордук аппараты, ведомстволук мекемелери тарабынан мамлекеттик кызматтардын жана жарандык-укуктук мүнөздөгү кызматтардын көрсөтүлүшүн уюштурат жана камсыз кылат;".

2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 21-октябрынан тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев