ЖарлыкКүчүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-ноябры № 386 «Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө» Жарлыгы

Редакция13.11.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

 2026-жылдын 13-ноябры № 386

 

Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө

 

Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиянын (Венеция комиссиясынын) Уставынын 2-беренесине, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:

1. Төмөнкүлөр дайындалсын:

- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөсү болуп Кыргыз Республикасынын юстиция министри Айылчиев Алмаз Асимович;

- Кыргыз Республикасынан Венеция комиссиясындагы мүчөсүнүн орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Таалайбек кызы Жылдыз.

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-декабрындагы № 551 "Кыргыз Республикасынын Укук аркылуу демократия үчүн Европалык комиссиядагы өкүлдөрү жөнүндө" Жарлыгы күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул Жарлыктан келип чыгуучу чараларды көрсүн.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Н. Жапаров