КР КЧ 23-01:2026 «Курулуш жылуулук техникасы (имараттардын жылуулугун сактоо)» Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдери (Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 138-нпа буйругуна тиркеме)
|
| Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын 4-ноябрындагы № 138-нпа буйругуна тиркеме |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КУРУЛУШ ЧЕНЕМДЕРИ
Курулуштагы ченемдик документтердин тутуму
КУРУЛУШ ЖЫЛУУЛУК ТЕХНИКАСЫ (ИМАРАТТАРДЫН ЖЫЛУУЛУГУН САКТОО)
СТРОИТЕЛЬНАЯ ТЕПЛОТЕХНИКА (ТЕПЛОВАЯ ЗАЩИТА ЗДАНИЙ)
Building heating engineering (thermal protection of buildings)
Актуалдаштырылган редакциясы
КР КЧжЭ 23-01:2013
______________________________________________________________________
Киргизүү датасы – 2026. 11.20
1 Колдонуу чөйрөсү
1.1 Ушул курулуш ченемдери ар кандай багыттагы жаңы курулуучу, реконструкциялануучу жана капиталдык оңдоодон өткөрүлүүчү имараттардын жана курулмалардын тосмо конструкцияларын долбоорлоого жайылтылат жана турак жай, коомдук, өндүрүштүк жана өнөр жай ишканаларынын көмөкчү имараттарын, айыл чарба жана кампа имараттарынын (мындан ары – имараттар) жылуулугун сактоого арналган.
1.2 Ушул курулуш ченемдери тосмо конструкциялардын жылуулук өткөрүү каршылыгына, бөлмөлөрдүн жана тосмо конструкциялардын жылуулук туруктуулугуна, полдордун бетинин жылуулукту сактоо көрсөткүчүнө, тосмо конструкциялардын аба жана суу буусун өткөрүү каршылыгына, аларды ашыкча нымдуулуктан коргоого, ошондой эле ушул курулуш ченемдердин жөнгө салуу предметинин чегиндеги энергетикалык натыйжалуулуктун эсептик көрсөткүчтөрүнө карата талаптарды белгилейт.
1.3 Тосмо конструкцияларга сырткы дубалдар, топурактын үстүнө төшөлгөн полдор, ички абанын температурасы ар түрдүү болгон бөлмөлөрдүн ортосундагы ички тосмо конструкциялар, чатыр жабуулары, үстүңкү кабаттардын, жер төлөлөрдүн, техникалык жер алдындагы кабаттардын жана өтмөктөрдүн үстүндөгү жабуулар, ошондой эле тешиктерди толтуруучу конструкциялар: терезелер, шөкөт айнектер, текчелер, чырактар, эшиктер жана дарбазалар кирет.
1.4 Ушул курулуш ченемдери төмөнкү объекттердин жылуулугун сактоого жайылтылбайт:
- мезгил-мезгили менен (жумасына 5 күндөн аз) же сезондук түрдө (жылына 3 айдан аз убакыт бою үзгүлтүксүз) жылытылуучу турак жана коомдук имараттарга;
- экиден ашпаган жылытуу мезгилинин ичинде пайдаланылуучуу убактылуу имараттар (негизги инфраструктураны куруу мезгилинде тургузулуучу же убактылуу пайдаланууга ылайыкташтырылуучу өндүрүштүк, кампа, көмөкчү, турак жай жана коомдук объекттер, алар курулуш аяктагандан кийин демонтаждалууга тийиш);
- күнөсканаларга, парниктерге жана муздаткыч имараттарга.
Көрсөтүлгөн имараттардын жылуулугун сактоонун деңгээли тиешелүү ченемдик документтер менен белгиленет, ал эми мындай документтер жок болгон учурда – долбоорлоого берилген тапшырмага жана негизделген долбоордук чечимдерге ылайык, милдеттүү санитардык-гигиеналык талаптар сакталган шартта аныкталат.
Архитектуралык-тарыхый мааниси бар имараттарды реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо жана энергетикалык реновациялоодо ушул курулуш ченемдери Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамынын талаптарын эске алуу менен колдонулат.
1.5 Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун расмий баалоо жана тастыктамалоо учурунда колдонулуучу энергетикалык натыйжалуулуктун көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамында жана имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларда белгиленген учурларда жана тартипте аныкталат жана таризделет. Долбоордук чечимдердин ушул курулуш ченемдеринде белгиленген имараттардын жылуулук коргоосуна карата талаптарга шайкештиги долбоордук документтерди иштеп чыгууда аткарылган жылуулук-техникалык эсептөөлөрдүн натыйжалары менен негизделет. Тосмо конструкциялардын жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүнүн эсептик маанилери ушул курулуш ченемдеринде белгиленген ченемдик маанилер менен салыштырылат.
Э с к е р т ү ү – Ушул курулуш ченемдеринин долбоору КР КЭ 23-101:2026 «Имараттардын жылуулугун сактоону долбоорлоо» долбоору менен бир учурда иштелип чыкты. Ушул курулуш ченемдеринде келтирилген КР КЭ 23-101ге бардык шилтемелер аталган долбоорго тиешелүү. Долбоорлор өз ара байланыштуу жана аларды бир учурда кабыл алуу жана күчүнө киргизүү каралат.
2 Ченемдик шилтемелер
Бул курулуш ченемдеринде төмөнкү ченемдик документтерге шилтемелер колдонулган:
2.1 Ченемдик укуктук актылар
Кыргыз Республикасынын «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» мыйзамы
Кыргыз Республикасынын «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы № 13 токтому менен бекитилген «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтому
2.2 Ченемдик-техникалык документтер
КР КЧ 20-02:2024* Жер титирөөгө туруктуу курулуш. Долбоорлоо ченемдери
КР КЧ 41-04:2022 Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо
КР КЧжЭ 23-02-00 Курулуш климатологиясы
МАМСТ 12.1.005–88* Эмгек коопсуздугунун стандарттарынын тутуму. Жумушчу зонанын абасына жалпы санитардык-гигиеналык талаптар
МАМСТ 26602.2–99 Терезе жана эшик блоктору. Аба жана суу өткөрүмдүүлүктү аныктоо ыкмалары
МАМСТ 30494–2011 Турак жай жана коомдук имараттар. Бөлмөлөрдөгү микроклиматтын параметрлери
МАМСТ 31167–2009 Имараттар жана курулмалар. Тосмо конструкциялардын аба өткөрүмдүүлүгүн табигый шарттарда аныктоо ыкмалары
Э с к е р т ү ү – Ушул курулуш ченемдерин колдонууда Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуудагы шилтеме берилген ченемдик документтердин күчүндө экендигин Кыргыз Республикасынын стандартташтыруу боюнча улуттук органынын Техникалык регламенттердин жана стандарттардын улуттук маалыматтык фондунан, ошондой эле архитектура-курулуш ишмердүүлүгү чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын учурдагы жылы жарыяланган маалыматтык көрсөткүчүнөн текшерүү максатка ылайыктуу. Эгерде шилтеме берилген документ алмаштырылса (өзгөртүлсө), ушул курулуш ченемдерин колдонууда алмаштырылган (өзгөртүлгөн) документти жетекчиликке алуу керек. Эгерде шилтеме берилген документ алмаштырылбастан жокко чыгарылса, анда ага шилтеме берилген жобо ошол шилтемеге тиешеси жок бөлүгүндө колдонулат.
3 Терминдер жана аныктамалар
Ушул курулуш ченемдеринде А тиркемесине ылайык терминдер жана аныктамалар колдонулган.
4 Жалпы жоболор
4.1 Тосмо конструкциялар жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо системалары менен биргеликте энергиянын минималдуу зарыл болгон чыгымдалышында имараттардын ичиндеги микроклиматтын ченемдик параметрлерин камсыз кылууга тийиш. Имараттардын ичиндеги микроклиматтын параметрлери МАМСТ 30494 боюнча кабыл алынат.
4.2 Бөлмөлөрдүн микроклиматынын ченемделген параметрлерин түзүүгө сарпталуучу энергиянын чыгымын азайтуу максатында имараттарды жана курулмаларды долбоорлоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш:
а) имараттарды жана курулмаларды курулуш участогунда шамалдардын багытын, бөлмөлөрдүн инсоляциясына жана аймакты жашылдандырууга коюлуучу талаптарды эске алуу менен жайгаштыруу;
б) тосмо конструкциялардын негизделген аянттары жана сырткы дубалдардын периметринин имараттын аянтына карата мүмкүн болушунча минималдуу катышы каралган көлөмдүк-пландоо чечимдери, имараттын туурасын чоңойтуу, эсептик температурага жараша кош кире бериш тамбурларды орнотуу;
в) табигый жарыктануу талаптарын жана ушул ченемдерди эске алуу менен жылдын суук мезгилинде күн энергиясын мүмкүн болушунча максималдуу пайдаланууга өбөлгө түзүүчү жарык өткөрүүчү көзөнөктөрдүн конструкциялары жана аянттары;
г) кошумча жабык аба катмары бар жарык өткөрүүчү көзөнөктөрдү орнотуу, селективдүү, чагылдыруучу, сиңирүүчү жана жылуулук изоляциялоочу айнектерди колдонуу менен көп катмарлуу айнектөөнү, ошондой эле туруктуу жана убактылуу жылуулук коргоочу экрандарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү;
д) оюктардын толтурулушундагы тийишүү жерлерин жана тышкы дубалдар менен жабуулардын элементтеринин кошулган жерлерин тыгыздоо, мында терезе жана тышкы эшик блокторунун периметри боюнча сөзсүз жылчыксыздоо жүргүзүлүүгө тийиш;
е) күндөн коргоочу түзүлүштөрдүн жылуулук өткөрүмдүүлүгүнүн ченемделген коэффициентине ылайык күндөн коргоочу жарык оюктары;
ж) жылуу, желдетилүүчү чатыры бар тамбашыларды орнотуу.
Аз кабаттуу турак жай курулушунун башкы пландарын иштеп чыгууда же реконструкциялоодо эңкейиштердин багытын, рельефин жана шамалдын таасирин эске алуу керек.
Шамал таасиринен имараттарды коргоо үчүн жашыл көчөттүн жана ландшафттын өзгөчөлүктөрүн колдонуу керек, ал эми имараттардын багыты жана оюктардын жайгашуусу негизги шамалдын багытын эске алуу менен белгилениши керек.
4.3 Тосмо конструкциялардын техникалык чечимдери эксплуатациялоонун талап кылынган жылуулук-нымдуулук режимин, узак мөөнөттүү кызмат кылуусун жана жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүнүн сакталышын камсыз кылууга тийиш. Эсептик шарттарда нымдын топтолушу жана конденсаттын пайда болушу жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүнүн, материалдардын жана конструкциялардын бекемдигинин же узак мөөнөттүү кызмат кылуусунун төмөндөшүнө алып келе турган өлчөмдө болбоого тийиш. Ошондой эле ички бетинде көгөрүүнүн өсүшүнө шарт түзүлбөшү керек.
4.4 Бөлмөлөрүндө нымдуу же суулуу режимдеги өндүрүштүк имараттардын көп катмарлуу сырткы дубалдарында желдетилүүчү аба катмарларын караштырууга уруксат берилет, ал эми бөлмөлөрдүн дубалдары мезгил-мезгили менен түздөн-түз нымдалган учурда ички бетин нымдын таасиринен коргоо менен желдетилүүчү аба катмары каралууга тийиш.
4.5 Имараттардын жана курулмалардын ички бөлмөлөрүндө кургак же нормалдуу нымдуулук режими болгон учурда, сырткы дубалдарда желдетилбеген, жабык аба катмарларын жана каналдарын орнотууга уруксат берилет, мында алардын бийиктиги бир кабаттын бийиктигинен жана 6 метрден ашпоого тийиш.
4.6 Ички абанын температурасы ченемделүүчү жайларда имараттын кырынан жогору же андан 0,5 м ашпаган тереңдикте жайгашкан топурак үстүндөгү полдор сырткы дубалдарга туташкан жерлеринде 0,8 м кеңдикте жылуулук изоляциясы менен камсыздалышы керек, бул үчүн топурактын үстүнө органикалык эмес, нымга туруктуу жылуулоочу материалдын катмары төшөлөт, анын калыңдыгы ушул катмардын жылуулукка каршылыгы сырткы дубалдын жылуулукка каршылыгынан кем болбошун камсыз кылуу шартынан аныкталат.
4.7 Эсептик сырткы абанын температурасы минус 35 °C жана андан төмөн болгон райондордогу жылытылуучу имараттар үчүн турак жай бөлмөлөрүнүн муздак жер алдындагы боштуктарынын үстүндө жайгашкан полдордун бетин жылытуу же тиешелүү жылуулук коргоону караштыруу керек. Бул талап коомдук, административдик-тиричилик жана өндүрүштүк имараттардагы адамдар туруктуу болгон бөлмөлөргө да тиешелүү.
4.8 Имараттарды куруу адамдардын жашоосу жана ишмердүүлүгү үчүн белгиленген микроклиматты, конструкциялардын талап кылынган ишенимдүүлүгүн жана узак мөөнөттүү кызмат кылуусун, техникалык жабдуулардын иштөө шарттарын камсыз кылуу максатында жылытууга жана желдетүүгө жылуулук энергиясынын минималдуу зарыл чыгымы менен жылуулук коргоо талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
Тосмо конструкциялардын узак мөөнөттүү кызмат кылуусу тиешелүү суукка туруктуулукка, нымга туруктуулукка, биологиялык туруктуулукка, коррозияга, жогорку температураларга, температуранын циклдик өзгөрүүлөрүнө жана айлана-чөйрөнүн башка бузгуч таасирлерине туруктуулукка ээ материалдарды колдонуу аркылуу камсыз кылынууга тийиш. Зарыл болгон учурда конструкция элементтерин атайын коргоо каралууга тийиш.
Тосмо конструкциялардын жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүн жогорулатуу алардын нымдуулук режиминин, ишенимдүүлүгүнүн жана узак мөөнөттүү кызмат кылуусунун начарлашына алып келбеши керек.
4.9 Ушул курулуш ченемдеринде төмөнкүлөргө карата талаптар белгиленет:
а) имараттардын тосмо конструкцияларынын келтирилген жылуулук өткөрүүгө каршылыгына;
б) тосмо конструкциялардын ички бетиндеги температураны чектөөгө жана нымдын конденсацияланышына жол бербөөгө;
в) жылуулук коргоочу тосмо конструкциялардын мүнөздөмөлөрүнүн жылытуу жана желдетүү үчүн жылуулук энергиясын керектөөгө тийгизген таасирин эске алуу;
г) жылдын жылуу мезгилинде тосмо конструкциялардын, ал эми жылдын суук мезгилинде имараттардын бөлмөлөрүнүн жылуулук туруктуулугуна;
д) имараттардын тосмо конструкцияларынын жана бөлмөлөрүнүн аба өткөрүмдүүлүгүнө;
е) тосмо конструкцияларды ашыкча нымдануудан коргоого;
ж) полдордун бетинин жылуулукту сиңирүү көрсөткүчүнө;
з) ушул курулуш ченемдеринин жөнгө салуу предметинин чегинде тосмо конструкциялардын жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүнүн имараттардын энергетикалык натыйжалуулугуна тийгизген таасирин эске алуу;
и) ченемделген көрсөткүчтөрдү контролдоого жана долбоордук чечимдердин ушул курулуш ченемдеринин талаптарына шайкештигин ырастоого.
Имараттарды расмий энергетикалык сертификациялоо Кыргыз Республикасынын «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.
4.10 Имараттардын жылуулук коргоосун долбоорлоодо, анын ичинде тосмо конструкциялардын кошумча жылуулук изоляциясын орнотууда сейсмикалык коопсуздук талаптары эске алынууга тийиш. Колдонулуучу жылуулук изоляциялоочу материалдар жана жылуулоо системалары имараттардын жана курулмалардын сейсмотуруктуулугун төмөндөтпөөгө тийиш. Жылуулуктун сакталышына карата конструктивдик чечимдер, анын ичинде жылуулоо системалары жана аларды бекитүү элементтери, КР КЧ 20-02 жана Кыргыз Республикасынын колдонулуучу башка ченемдик документтеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Асма фасаддык системалар, тышкы жылуулук изоляциясы жана башка бекитилүүчү элементтер үчүн сейсмикалык таасирлерди, өздүк салмакты, шамал жүктөмдөрүн, температуралык деформацияларды жана материалдардын өз ара шайкештигин эске алуу менен бекиткичтердин, анкерлердин, бириктиргичтердин жана негиздин эсептөөлөрү жана конструкциялык негиздемеси каралууга тийиш. Бекиткичтер эсептик таасирлер учурунда элементтердин ажырап кетүү же кулап түшүү коркунучун жаратпоого тийиш.
4.11 Жылдын суук мезгилинде имараттардын бөлмөлөрүндөгү нымдуулук режими ички абанын салыштырмалуу нымдуулугуна жана температурасына жараша 1-таблица боюнча белгиленүүгө тийиш.
1-т а б л и ц а – Имараттардын бөлмөлөрүнүн нымдуулук режими
Режим | Температурага жараша ички абанын нымдуулугу, %. | ||
12 °C чейин | 12 жогору 24 °C чейин | 24 °C жогору | |
Кургак | 60 %га чейин | 50 %га чейин | 40 %га чейин |
Нормалдуу | 60 жогору 75 %га чейин | 50 жогору 60 % чейин | 40 жогору 50 % га чейин |
Нымдуу | 75 %дан жогору | 60 жогору 75 %га чейин | 50 жогору 60 %га чейин |
Суулуу | — | 75 %дан жогору | 60 %дан жогору |
4.12 Имараттардын бөлмөлөрүнүн нымдуулук режимине жана курулуш жүргүзүлүүчү райондун нымдуулук зонасына жараша тосмо конструкциялардын А же Б эксплуатациялоо шарттары сырткы тосмо конструкциялардын материалдарынын эсептик жылуулук-физикалык мүнөздөмөлөрүн тандоо үчүн 2-таблица боюнча белгиленүүгө тийиш. Курулуш жүргүзүлүүчү райондун нымдуулук зонасы КР КЧжЭ 23-02 боюнча (Кыргыз Республикасынын аймагынын нымдуулук зоналарынын картасы) кабыл алынууга тийиш. Ар кандай багыттагы имараттардын бөлмөлөрүндөгү абанын эсептик параметрлери Б тиркемесине ылайык кабыл алынууга тийиш.
2-т а б л и ц а – Тосмо конструкциялардын эксплуатациялоо шарттары
Бөлмөнүн нымдуулук режими | Кургак зона | Нормалдуу зона | Нымдуу зона |
Кургак | А | А | Б |
Нормалдуу | А | Б | Б |
Нымдуу же суулуу | Б | Б | Б |
5 Имараттардын жылуулугун сактоо. Эсептик шарттар
5.1 Ушул курулуш ченемдери менен имараттардын жылуулугун сактоо көрсөткүчтөрүнүн төмөнкүдөй негизги топтору белгиленет:
а) имараттын тосмо конструкцияларында жылуулукту берүүдө келтирилген каршылыктар;
б) конденсаттын жана көгөрүүнүн пайда болушуна жол бербөөчү тосмо конструкциянын ички бетинин температурасына карата талаптарды, ошондой эле ички абанын температурасы менен тосмо конструкциянын ички бетинин температурасынын ортосундагы ченемделген температуралык айырманы камтыган санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөр.
Имараттын энергетикалык натыйжалуулугунун көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларында белгиленген учурларда жана тартипте аныкталат. Аларды аныктоодо тосмо конструкциялардын жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүнүн таасири эске алынат.
Жылуулук коргоо боюнча ушул бөлүмдүн талаптары ушул курулуш ченемдеринде белгиленген жылуулук коргоо жана санитардык-гигиеналык көрсөткүчтөр сакталган учурда аткарылды деп эсептелет.
5.2 Ушул бөлүмдүн талаптарына долбоордук чечимдердин шайкештиги долбоордук документтерди иштеп чыгууда аткарылуучу жылуулук-техникалык эсептөөлөрдүн натыйжалары менен негизделүүгө тийиш. Тосмо конструкциялардын жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүнүн эсептик маанилери ушул курулуш ченемдеринде белгиленген ченемдик маанилерге ылайык келүүгө тийиш. Эсептөөлөрдүн натыйжалары долбоордук документтердин тиешелүү бөлүмдөрүндө келтирилет. Долбоордук документтерди текшерүү жана имараттарды расмий энергетикалык тастыктамалоо Кыргыз Республикасынын «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.
Тосмо конструкциялардын элементтеринин жылуулук өткөрүүгө
каршылыгы
5.3 Тосмо конструкциялардын, терезелердин жана чырактардын жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгы, м2·°C/Вт, жылытуу мезгилинин градус-суткаларына жараша 3-таблица боюнча аныкталуучу ченемдик мааниден кем эмес кабыл алынууга тийиш.
Жылытуу мезгилинин градус-суткалары төмөнкү формула боюнча аныкталат
(1)
мында ‒ имараттын ички абасынын эсептик орточо температурасы;
, ‒ сырткы абанын орточо температурасы, °C, жана жылытуу мезгилинин узактыгы, сутка, КР КЧжЭ 23-02 боюнча кабыл алынууга тийиш.
Э с к е р т ү ү – Жылытуу мезгилинин градус-суткаларынын мааниси 10000 °С·суткадан ашкан учурда, климаттык шарттарда колдонууга жарамдуулугун милдеттүү түрдө текшерүү менен өзүнчө техникалык чечим иштеп чыгуу талап кылынат.
5.4 Ачык жылуулуктун ашыкча бөлүнүп чыгышы 23 Вт/м³ ашкан өндүрүштүк имараттар, ушул курулуш ченемдери жайылтылган сезондук пайдалануудагы өндүрүштүк имараттар, ошондой эле ички абанын эсептик температурасы 12 °C жана андан төмөн болгон имараттар үчүн көрүнбөгөн тосмо конструкциялардын жылуулук өткөрүүгө ченемдик каршылыгы төмөнкү мааниден кем эмес кабыл алынууга тийиш:
, (2)
мында ‒ 6-таблица боюнча коэффициент;
‒ КР КЧжЭ 23-02 боюнча кабыл алынуучу жылдын суук мезгилиндеги сырткы абанын эсептик температурасы;
‒ 4-таблица боюнча ченемделген температуранын төмөндөшү;
‒ 6-таблица боюнча ички бетинин жылуулук берүү коэффициенти.
3-т а б л и ц а – Тосмо конструкциялардын жылуулук өткөрүүгө каршылыгынын ченемдик маанилери, м2 °C/Вт
Имарат жана жай | °C·сут | Дубал-дар | Жабуулар | Чатыр/ жертөлө жабуулары. | Терезелер жана балкон эшиктери, чырактар |
1. Турак жай, дарылоо-профи-лактикалык жана балдар мекеме-лери, мектептер, интернаттар | 2000 | 2,1 | 3,2 | 2,4 | 0,30 |
| 4000 | 2,8 | 4,2 | 3,2 | 0,45 |
| 6000 | 3,5 | 5,2 | 4,0 | 0,60 |
| 8000 | 4,2 | 6,2 | 4,8 | 0,70 |
| 10000 | 4,9 | 7,2 | 5,6 | 0,75 |
3-таблицанын аягы
Имарат жана жай | °C·сут | Дубал-дар | Жабуулар | Чатыр/ жертөлө жабуулары. | Терезелер жана балкон эшиктери, чырактар |
2. 1-позицияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары коомдук, административдик жана тиричилик имараттары, нымдуу же суулуу режимдеги бөлмөлөрдү кошпогондо | 2000 | 1,9 | 2,9 | 2,2 | 0,30 |
| 4000 | 2,5 | 3,8 | 2,9 | 0,40 |
| 6000 | 3,1 | 4,7 | 3,6 | 0,50 |
| 8000 | 3,7 | 5,6 | 4,3 | 0,60 |
| 10000 | 4,3 | 6,5 | 5,0 | 0,65 |
3. Кургак жана нормалдуу режимдери менен өндүрүштүк | 2000 | 1,5 | 2,2 | 1,7 | 0,25 |
| 4000 | 1,9 | 2,9 | 2,2 | 0,30 |
| 6000 | 2,3 | 3,6 | 2,7 | 0,35 |
| 8000 | 2,7 | 4,3 | 3,2 | 0,40 |
| 10000 | 3,1 | 5,0 | 3,7 | 0,45 |
4. Нымдуу же суулуу режимдеги өндүрүштүк жана башкалар | 2000 | 1,9 | 2,9 | 2,2 | 0,30 |
| 4000 | 2,5 | 3,8 | 2,9 | 0,40 |
| 6000 | 3,1 | 4,7 | 3,6 | 0,50 |
| 8000 | 3,7 | 5,6 | 4,3 | 0,60 |
| 10000 | 4,3 | 6,5 | 5,0 | 0,65 |
3-таблицага э с к е р т ү ү л ө р
1 3-таблицада келтирилген жылытуу мезгилинин градус-суткалык маанилеринен айырмаланган маанилер үчүн, таблицада көрсөтүлгөн диапазондун чегинде жылуулук өткөрүүгө ченемдик каршылык эң жакын эки таблицалык маанинин ортосунда төмөнкү формула боюнча сызыктуу интерполяциялоо жолу менен аныкталууга тийиш: , мында жана ‒ градус-сутканын таблицадагы эң жакын маанилери; жана ‒ аларга туура келген жылуулук өткөрүүгө ченемдик каршылыктын маанилери. көрсөткүчү таблицадагы минималдуу мааниден төмөн болгон учурда мааниси °С·сутка үчүн белгиленген мааниден кем эмес кабыл алынууга тийиш. көрсөткүчү таблицадагы максималдуу мааниден жогору болгон учурда маанисин аныктоо тартиби өзүнчө ченемдик же эсептик негиздемеге ылайык белгиленүүгө тийиш. 10000 °С·суткадан жогору маанилери үчүн кошумча негиздемесиз маанилерди өз алдынча экстраполяциялоого жана 10000 °С·сутка үчүн белгиленген маанини жетиштүү деп кабыл алууга жол берилбейт.
Жылытуу мезгилинин градус-суткаларынын мааниси 3-таблицада көрсөтүлгөн максималдуу мааниден жогору болгон учурда жылуулук өткөрүүгө каршылыктын ченемдик маанисин аныктоо тартиби өзүнчө белгиленет; таблицанын чегинен тышкары сызыктуу экстраполяцияны ченемдик негиздемесиз колдонууга жол берилбейт. 3-таблицанын сандык маанилери мурда колдонулуп келген ченемдер менен контролдук салыштырылууга тийиш.
2 Балкон эшиктеринин тунук эмес бөлүгүнүн жылуулук өткөрүүгө келтирилген ченемдик каршылыгы ушул конструкциялардын жарык өткөрүүчү бөлүгүнүн жылуулук өткөрүүгө ченемдик каршылыгынан кеминде 1,5 эсе жогору болууга тийиш.
3 Имараттын бөлмөлөрүн орточо температурадагы жылытылбаган мейкиндиктерден бөлүп турган чатыр жана цоколь кабаттарынын жабуулары үчүн таблицадагы маанилер 5-таблица боюнча аныкталуучу n коэффициентине ылайык түзөтүлүүгө уруксат берилет.
4 Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын милдеттүү минималдуу талаптары сакталган шартта, айрым учурларда таблицада көрсөтүлгөн мааниден 5 %га чейин төмөн болгон жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгы бар терезелерди, балкон эшиктерин жана чырактарды колдонууга уруксат берилет.
5 1-топ үчүн тепкич чакмактарынын, жылуу чатырлардын жана өтмөктөрдүн үстүндөгү айрым тосмолордун жылуулук өткөрүүгө каршылыгынын маанилери долбоордук чечимде каралган учурларда 2-топ катары кабыл алынышы керек.
6 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында энергетикалык натыйжалуулукка карата минималдуу талаптар белгиленген имараттар үчүн тосмо конструкциялардын жылуулук өткөрүүгө келтирилген ченемдик каршылыгы жылуулук өткөрүүнүн белгиленген чектүү коэффициентине ылайык келген мааниден кем эмес болууга тийиш. Талаптар айырмаланган учурда, кыйла катуу талапка жооп берген маани кабыл алынууга тийиш.
5.5 Көлөм бирдигине 23 Вт/м3 ашпаган ачык жылуулук бөлүнүп чыгуусу бар өндүрүштүк имараттар үчүн ички абанын эсептик температурасы Б тиркемесине ылайык кабыл алынат.
5.6 Сырткы дубалдардын жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгы имараттын фасады же бир ортоңку кабаты үчүн көзөнөктөрдүн каптал жантайыңкы беттерин эске алуу менен, көзөнөктөрдү толтуруучу конструкцияларды эсепке албастан, ошондой эле дубалдардын кабат аралык жабуулар, балкон плиталары, мамычалар, ригелдер менен туташуу түйүндөрүн, бириктирүүлөрдүн жана жанашуулардын жылуулук-техникалык бир тектүү эместиктерин эске алуу менен эсептелүүгө тийиш.
Топурак менен тийишип турган тосмо конструкциялардын жылуулук өткөрүүгө каршылыгы КР КЭ 23-101 боюнча аныкталууга тийиш.
4-т а б л и ц а – Ички абанын температурасы менен тосуучу конструкциянын ички бетинин температурасынын ортосундагы ченемделген температуралык айырма
Имарат жана жай | Төмөнкүлөр үчүн ченемделген температуралык айырма, , °С | |||
сырткы дубалдар | жабуулар жана чатыр жабуулары | өтмөктөрдүн, жертөлөлөрдүн жана жер кабаттардын жабуулары | зенит чырактары | |
1. Турак жай, дарылоо-алдын алуу жана балдар мекемелери, мектептер, интернаттар | 4,0 | 3,0 | 2,0 | |
2. 1-позицияда көрсөтүлгөндөрдөн тышкары коомдук, административдик жана тиричилик имараттары, нымдуу же суулуу режимдеги бөлмөлөрдү кошпогондо | 4,5 | 4,0 | 2,5 | |
3. Кургак жана нормалдуу режимдеги өндүрүштүк | , бирок 7ден кем эмес | 0,8 (, бирок 6дан көп эмес | 2,5 | |
4. Нымдуу же суулуу режимдеги өндүрүштүк жана башкалар | 0,8 | 2,5 | — | |
5 Көрүнөө жылуулугу (23 Вт/м3 ашык) жана ички абанын эсептик салыштырмалуу нымдуулугу 50 %дан ашпаган өндүрүштүк имараттар | 12 | 12 | 2,5 | |
5.7. Кире бериш эшиктеринин, биринчи кабаттардагы батирлердин эшиктеринин (тамбуру жок), дарбазалардын жана жылытылбаган тепкич аянтчалары бар батирлердин эшиктеринин жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгы 5.3-пунктка жана 3-таблицага ылайык аныкталуучу тышкы дубалдардын жылуулук өткөрүүгө ченемдик каршылыгынын 0,6 маанисинен кем болбошу керек. Бир кабаттуу жеке турак үйлөрдүн кире бериш эшиктери үчүн көрсөтүлгөн маани тышкы дубалдардын жылуулук өткөрүүгө ченемдик каршылыгынын 0,8 маанисинен кем болбоого тийиш. Жылытылуучу тепкич аянтчасы бар имараттардын биринчи кабаттан жогору жайгашкан батирлеринин эшиктеринин жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгы 0,55 м²·°С/Вт маанисинен кем болбоого тийиш.
Жарык өткөрүүчү конструкциялардын жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгын сыноолордун жыйынтыктарынын жана (же) буюмдарга карата техникалык документациянын негизинде кабыл алуу керек; тиешелүү маалыматтар жок болгон учурда эсептик маанилерди КР КЭ 23-101 боюнча аныктоо керек.
Ички беттеги температуранын жана нымдын конденсацияланышынын чектелиши
5.8. , °C эсептик температуралык айырма менен, ички абанын температурасы менен тосмо конструкциянын ички бетинин температурасынын ортосундагы айырма катары аныкталат жана 4-таблицада белгиленген , мааниден ашпоого тийиш. (3) формулада жылдын суук мезгилиндеги тышкы абанын эсептик температурасы жана 6-таблица боюнча ички беттин жылуулук берүү коэффициенти колдонулууга тийиш. Жылдын жылуу мезгилиндеги жылуулук туруктуулугун текшерүү 7-бөлүмгө ылайык өзүнчө жүргүзүлөт жана ушул пунктта каралган температуралык айырманы текшерүүнүн ордун алмаштырбайт.
, (3)
мында – (2)-формуладагыдай эле;
– (2)-формуладагыдай эле;
– (2)-формуладагыдай эле;
- тосмо конструкциялардын жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгы, м2 °С/Вт;
- тосмо конструкциялардын ички бетинин жылуулук берүү коэффициенти, Вт/ (м2 °C), 6-таблица боюнча кабыл алынат.
5.8а Текшерүү төмөнкүлөр үчүн милдеттүү: турак жай жана балдар мекемелери, дарылоо-профилактикалык имараттар, ошондой эле нымдуу же суу режиминдеги имараттар. Текшерүүгө ички бетинин температурасы шүүдүрүм чекитинин температурасынан төмөн болушу мүмкүн болгон сызыктуу жана чекиттик жылуулук-техникалык бир тектүү эместиктер (бурчтар, жантайыңкы беттер, түйүндөр, бекитүүчү элементтер) кирет. Критерий: бир тектүү эмес участоктогу ички беттин температурасы ички абанын эсептик параметрлеринде шүүдүрүм чекитинин температурасынан төмөн болбоого тийиш. Эсептөө ыкмасы – КР КЭ 23-101 боюнча эсептелет.
5.9 Температура тосмо конструкциянын ички бетинде (жарык өткөрүүчү конструкциялардан тышкары) эсептик шарттарда ички абанын шүүдүрүм чекитинин температурасынан төмөн болбоого тийиш. Шүүдүрүм чекитинин температурасын аныктоо үчүн ички абанын салыштырмалуу нымдуулугу Б-тиркемеге ылайык ички абанын эсептик параметрлери боюнча кабыл алынууга тийиш.
5.10 Өндүрүштүк эмес имараттардын терезелеринин айнектелген элементтеринин ички бетинин температурасы плюс 3 °Cден төмөн эмес, тунук эмес элементтеринин температурасы шүүдүрүм чекитинин температурасынан төмөн эмес болууга тийиш; өндүрүштүк имараттар үчүн – 0 °Cден төмөн эмес.
5.11 Фасаддын айнектелүү коэффициенти – жарык тешиктеринин аянтынын вертикалдуу сырткы тосмо конструкциялардын жалпы аянтына (жарык тешиктерин кошкондо) болгон катышы. Атриумдук мейкиндиктери, ленталык айнектелиши жана витраждары бар имараттар үчүн коэффициент ар бир фасад үчүн өзүнчө аныкталат; геометриясы татаал болгон учурда – фасаддын вертикалдуу тегиздикке болгон проекциясы боюнча аныкталат. (КР КЭ 23-101 5.4.5-пунктуна ылайык).
Эгерде терезелердин жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгы 3-таблицада ченемделген мааниге жетпесе (4-эскертүүдөгү жол берилген чекти эске алуу менен), турак жай имараттарында фасаддын айнектелүү коэффициенти 18 %дан, коомдук имараттарда – 25 %дан ашпоого тийиш. Зенит чырактарынын жарык тешиктеринин аянты жарыктандырылуучу бөлмөлөрдүн полунун аянтынын 15 %дан, мансардалык терезелердики – 10 %дан ашпоого тийиш.
Энергетикалык натыйжалуулуктун эсептик көрсөткүчтөрү
5.12 Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун эсептик көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасынын имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталат. Жылытуу жана желдетүү системаларынын эсептик жылуулук жүктөмүн аныктоодо ушул курулуш ченемдерине ылайык кабыл алынган тосмо конструкциялардын жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрү эске алынууга тийиш. Жылуулук жүктөмүн эсептөө КР КЧ 41-04 талаптарына ылайык аткарылат.
Имараттын жылуулук кубаттуулугуна болгон керектөөсүн алдын ала аныктоодо жылуулук менен камсыздоонун техникалык шарттарын алуу үчүн тосмо конструкциялардын аянтын жана жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгын, эсептик температураларды жана талап кылынган аба алмашууну эске алуу менен жылуулук-техникалык эсептөөнүн жалпыланган ыкмасы колдонууга уруксат берилет. Долбоорлоо стадиясында жылытуу жана желдетүү системаларынын жылуулук жүктөмдөрү КР КЧ 41-04 талаптарына ылайык такталат. Жылуулук жүктөмүн алдын ала эсептөө имараттын энергетикалык натыйжалуулугун баалоону алмаштырбайт.
5.13 Айрым тосмо конструкциялардын жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгы 3-таблицада белгиленген маанилерден кем болбоого тийиш. 3-таблицага карата 4-эскертүүдө жарык өткөрүүчү конструкцияларга байланыштуу каралган учурду кошпогондо, айрым тосмо конструкциялардын жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгын 3-таблицада жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын милдеттүү талаптарында белгиленген минималдуу маанилерден төмөндөтүүгө жол берилбейт.
5.14 Имараттарды долбоорлоодо көлөмдүк-пландоо чечиминин компакттуулугунун энергетикалык натыйжалуулуктун эсептик көрсөткүчтөрүнө тийгизген таасирин эске алуу керек. Компакттуулукту баалоо методикасы жана сунушталган маанилер КР КЭ 23-101 менен белгиленет.
5-т а б л и ц а ‒ Тосмо конструкциянын жайгашуу абалына көз карандылыкты эске алуучу коэффициент
Тосмо конструкция | Коэффициент n |
Сырткы дубалдар жана жабуулар, зенит чырактары, өтмөктөрдүн үстүндөгү жабуулар жана сырткы аба менен түздөн-түз байланышта болгон башка конструкциялар | 1 |
Сырткы аба менен байланышкан муздак жертөлөлөрдүн үстүндөгү жабуулар, айрым чатыр жабуулары | 0,9 |
Жарык тешиктери бар жылытылбаган жертөлөлөрдүн үстүндөгү жабуулар | 0,75 |
Жер деңгээлинен жогору жайгашкан, жарык тешиктери жок жылытылбаган жертөлөлөрдүн үстүндөгү жабуулар | 0,6 |
Жер деӊгээлинен ылдый жайгашкан жылытылбаган техникалык жер кабаттардын үстүндөгү жабуулар | 0,4 |
Э с к е р т ү ү – Жылуу чатырдын чатыр жабуулары жана абанын температурасы тышкы абанын температурасынан , жогору, бирок ички абанын температурасынан , төмөн болгон жер төлөлөрдүн үстүндөгү цоколдук жабуулары үчүн n коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталууга тийиш
. (4)
6-т а б л и ц а – Тосмо конструкциянын ички бетинин жылуулук берүү коэффициенти
Ички бет | , Вт/(м2·°C) |
Дубалдардын, полдордун, жылмакай шыптардын, кырдын h бийиктигине карата чыгып турган коңшу кырлардын ортосундагы а аралыгы h/a ≤ 0,3 болушу керек | 8,7 |
h/a>0,3 болгон учурда чыгып турган кырлары бар шыптар | 7,6 |
Терезелер | 8,0 |
Зенит чырактары | 9,9 |
Э с к е р т ү ү ‒ Мал чарба жана канаттууларды багуучу имараттардын тосмо конструкцияларынын ички бетинин жылуулук берүү коэффициенти айыл чарба багытындагы имараттарды жана курулмаларды долбоорлоо боюнча ченемдик документтердин талаптарына ылайык кабыл алынууга тийиш.
6 Колдонуудагы имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу
6.1 Учурдагы имараттарды реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо жана энергетикалык реновациялоодо тосмо конструкциялардын жана инженердик системалардын энергетикалык натыйжалуулугун ушул курулуш ченемдеринде белгиленген деңгээлге чейин жогорулатуу боюнча иш-чаралар каралууга тийиш.
Сакталуучу тосмо конструкциялар үчүн кошумча жылуулук коргоонун зарылдыгы алардын иш жүзүндөгү абалын жана эксплуатациялоо шарттарын эске алуу менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн жана жылуулук-техникалык эсептөөнүн жыйынтыктары боюнча белгиленет.
6.2 Жарык өткөрүүчү конструкцияларды энергетикалык эффективдүүлүгү жогору конструкцияларга алмаштырууда 8-бөлүмгө ылайык, жайлардагы ченемделген аба алмашууну жана тосмо конструкциялардын талап кылынган аба өткөрүмдүүлүгүн камсыз кылуучу иш-чаралар каралууга тийиш. Оюктардын толтурулуштарынын жылчыксыздыгын жогорулатуу долбоордо каралган желдетүү системасынын иштешинин бузулушуна алып келбөөгө тийиш.
6.3 Учурдагы тосмо конструкцияларга кошумча жылуулук изоляциясын орнотууда нормаланган жылуулук-нымдуулук режими жана нымдын жол берилгис топтолушун, конденсаттын пайда болушун, көгөрүүнүн өсүшүн жана конструкциялардын узакка кызмат кылуу мөөнөтүнүн төмөндөшүн болтурбоочу шарттар камсыз кылынууга тийиш. Жылуулук-нымдуулук абалын текшерүү 9-бөлүмгө ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
6.4 Сакталуучу тосмо конструкциялардын ченемделген жылуулукту сактоо мүнөздөмөлөрүнө жетишүү техникалык жактан мүмкүн болбогон же алардын эксплуатациялык мүнөздөмөлөрүнүн жол берилгис начарлашына алып келген учурларда, ушул курулуш ченемдеринин санитардык-гигиеналык талаптарын милдеттүү түрдө сактоо жана белгиленген шарттарда мүмкүн болгон жылуулук коргоонун эң жогорку деңгээлин камсыз кылуу менен техникалык жактан негизделген долбоордук чечимдер колдонууга уруксат берилет.
7 Тосмо конструкцияларынын жылуулукка туруктуулугу
7.1 Жылдын жылуу мезгилинде тосмо конструкциялардын жылуулукка туруктуулугун эсептөө сырткы абанын июль айындагы орточо айлык температурасы 21 °C жана андан жогору болгон райондор үчүн жүргүзүлүүгө тийиш. Сырткы абанын июль айындагы орточо айлык температурасы КР КЧжЭ 23-02 боюнча кабыл алынууга тийиш.
Турак жай, дарылоо мекемелери, балдар мекемелери, мектептер, интернаттар, улгайган адамдар жана майыптар үчүн имараттар, бала бакчалар, яслилер, ясли-бакчалар (комбинаттар) жана балдар үйлөрүнүн имараттарынын, ошондой эле жылдын жылуу мезгилинде жумушчу зонадагы абанын температурасынын жана салыштырмалуу нымдуулугунун оптималдуу параметрлери МАМСТ 12.1.005 талаптарына ылайык сакталууга тийиш болгон өндүрүштүк имараттардын тосмо конструкцияларынын ички бетинин температурасынын термелүү амплитудасы, ошондой эле технологиянын шарттары боюнча абанын температурасын же температурасын жана салыштырмалуу нымдуулугун туруктуу кармап туруу талап кылынган учурларда, формула боюнча аныкталуучу тосмо конструкциянын ички бетинин температурасынын , °C менен ченемделген термелүү амплитудасынан ашпоого тийиш.
, (5)
мында – июлдагы сырткы абанын айлык орточо температурасын КР КЧжЭ 23-02 боюнча кабыл алуу керек.
тосмо конструкциянын ички бетиндеги температуранын термелүүсүнүн эсептик амплитудасын КР КЭ 23-101 талаптарына ылайык аныктоо керек.
7.2 7.1-пунктта көрсөтүлгөн аймактарда жана имараттарда терезелер жана чырактар үчүн күндөн коргоочу түзүлүштөрдү караштыруу зарыл, алар күн радиациясынын жылуулук агымын кеминде 30 % азайтууну камсыз кылууга тийиш.
7.3 Ички абанын температурасын автоматтык түрдө жөнгө салууда жылдын суук мезгилинде бөлмөлөрдүн жылуулук туруктуулугу нормаланбайт.
7.4 Бөлмөдөгү жыйынтыктоочу температуранын термелүүсүнүн эсептик амплитудасын КР КЭ 23-101 талаптарына ылайык аныктоо керек.
8 Тосмо конструкциялардын жана жайлардын аба өткөрүмдүүлүгү
8.1 Жарык тешиктерин толтуруучу конструкцияларды (терезелерди, балкондун эшиктерин жана чырактарды) кошпогондо, имараттардын жана курулмалардын тосмо конструкцияларынын аба өткөрүмдүүлүккө каршылыгы аба өткөрүмдүүлүккө болгон ченемдик каршылыктан кем болбоого тийиш, , м2 ч Па/кг ал төмөнкү формула боюнча аныкталат:
, (6)
мында ‒ тосмо конструкциялардын сырткы жана ички беттериндеги аба басымдарынын айырмасы, Па, 8.2-пунктка ылайык аныкталат;
‒ тосмо конструкциялардын ченемдик аба өткөрүмдүүлүгү, кг/(м2·саат), 8.3-пунктка ылайык кабыл алынат.
8.2 тосмо конструкциялардын сырткы жана ички беттериндеги аба басымдарынын айырмасын, Па, төмөнкү формула боюнча аныктоо керек:
, (7)
мында ‒ имараттын бийиктиги (биринчи кабаттын полунун деңгээлинен сордуруучу шахтанын жогорку чекитине чейин), м;
, ‒ тиешелүүлүгүнө жараша сырткы жана ички абанын салыштырма салмагы, Н/м3, төмөнкү формула боюнча аныкталат
, (8)
мында ‒ абанын температурасы: ички абанын температурасы – жайлардын микроклиматынын ченемделүүчү параметрлерине ылайык кабыл алынуучу температура; тышкы абанын температурасы – КР КЧжЭ 23-02 боюнча камсыздалышы 0,92 болгон эң суук беш күндүктүн эсептик температурасына барабар температура, °С;
‒ КР КЧжЭ 23-02 боюнча кабыл алынуучу шамалдын орточо ылдамдыгы; бийиктиги жогору имараттар үчүн шамалдын ылдамдыгынын бийиктик боюнча өзгөрүшүнүн таасири КР КЭ 23-101 боюнча эске алынууга тийиш.
8.3 Имараттарды тосмо конструкциянын , кг/(м2 с) нормаланган аба өткөрүмдүүлүгү 7-таблица боюнча кабыл алынышы керек.
8.4 Турак жай жана коомдук имараттардын терезелеринин жана балкон эшиктеринин, ошондой эле өндүрүштүк имараттардын терезелеринин жана чырактарынын аба өткөрүмдүүлүккө каршылыгы , аба өткөрүмдүүлүккө болгон ченемдик каршылыктан кем болбоого тийиш, м2·саат/кг, ал төмөнкү формула боюнча аныкталат
(9)
мында ‒ (6)-формулада көрсөтүлгөндөй;
‒ (7)-формулада көрсөтүлгөндөй;
аба өткөрүмдүүлүккө каршылык аныкталуучу жарык өткөрүүчү тосмо конструкциялардын сырткы жана ички беттериндеги аба басымдарынын айырмасы.
8.5 Көп катмарлуу тосмо конструкциялардын аба өткөрүмдүүлүккө каршылыгы КР КЭ 23-101 талаптарына жана тиешелүү колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык аныкталууга тийиш.
8.6 Терезе блоктору жана балкондун эшиктери МАМСТ 26602.2 талаптарына ылайык аба өткөрүмдүүлүк классы боюнча тандалууга тийиш:
- үч жана андан көп кабаттуу имараттар үчүн – Б классынан төмөн эмес;
- эки кабатка чейинки (эки кабатты кошкондо) имараттар үчүн – В‒Д класстарынын чегинде.
7-т а б л и ц а – Тосмо конструкциялардын ченемдик аба өткөрүмдүүлүгү :
Конструкция | , көп эмес |
Турак жай/коомдук имараттардын сырткы дубалдары, жабуулары жана тосуулары | 0,5 |
Ошол эле өндүрүштүк | 1,0 |
Турак жай имараттарынын панелдеринин уламалары | 0,5* |
Өндүрүштүк панелдердин уламалары | 1,0* |
Батирдин кире бериш эшиктери | 1,5 |
Имараттын кире бериш эшиктери | 7,0 |
Терезелер/жыгач ашталмадагы балкон эшиктери жана өзүнчө өндүрүш терезелери/чырактар | 6,0 |
Пластмасс/алюминий терезелер | 5,0 |
Өндүрүш имараттарынын терезелери, эшиктери, дарбазалары | 8,0 |
Өндүрүш имараттарынын чырактары | 10,0 |
8.6.1 8.6-пунктта белгиленген терезе блокторунун жана балкон эшиктеринин аба өткөрүмдүүлүк классы монтаждоо иштеринен кийин камсыз кылынууга тийиш. Терезе жана эшик оюктарынын монтаждык тигиштери бүт периметри боюнча герметикаланууга тийиш; тыгыздоочу жана тыгыздоочу материалдар эсептик температуралык деформациялар учурунда өз касиеттерин сактоого тийиш. Терезе блогунун тышкы дубал менен туташкан жери абанын инфильтрациясынын түз өтүүчү жолдорун болтурбоого тийиш. Монтаждалган конструкциялардын аба өткөрүмдүүлүгүн текшерүү МАМСТ 31167 боюнча жүргүзүлөт.
8.7 Турак жай имараттарындагы батирлердин жана коомдук имараттардагы бөлмөлөрдүн орточо аба өткөрүмдүүлүгү, кирүүчү жана чыгаруучу желдетүү тешиктери жабык болгон учурда, сырткы жана ички абанын басымдарынын айырмасы 50 Па болгон шартта жүргүзүлгөн сыноодо аба алмашуунун төмөнкү эселигин камсыз кылууга тийиш; сыноо басымы 50 Па болгон учурдагы аба өткөрүмдүүлүк көрсөткүчү имараттын тышынын жылчыксыздыгын мүнөздөйт жана имараттын жайлары үчүн желдетүүнүн ченемдик тышкы аба чыгымын алмаштырбайт:
- табигый түрткү менен иштеген желдетүүдө ‒ ;
- механикалык түрткү менен иштеген желдетүүдө ‒ .
Сырткы жана ички абанын басымдарынын айырмасы 50 Па болгон учурда аба алмашуунун эселигин аныктоо ыкмасы МАМСТ 31167 боюнча кабыл алынууга тийиш.
8.8 Жылчыксызданган терезе жана эшик блоктору колдонулган учурда КР КЧ 41-04 талаптарына ылайык тышкы абанын ченемдик көлөмдө берилиши камсыз кылынууга тийиш. Тосмо конструкциялардын жылчыксыздыгын жогорулатуу жайдагы эсептик аба алмашуунун бузулушуна алып келбөөгө тийиш. Тышкы абанын берилиши долбоордо каралган желдетүү системалары жана түзүлүштөрү аркылуу КР КЧ 41-04 талаптарына ылайык камсыз кылынууга тийиш. Жылытуу жана желдетүү системаларын долбоорлоодо ченемдик аба алмашууну камсыз кылууга жумшалуучу жылуулук чыгымдары эске алынууга жана жайлардын микроклиматынын ченемдик параметрлерин сактоо шарты менен энергия керектөөнү азайтууга багытталган техникалык чечимдер каралууга тийиш. Терезе блокторун реконструкциялоодо жана алмаштырууда абаны берүү жана сордуруу схемасын тандоо иштеп жаткан желдетүү каналдарын текшерүүнүн, аба алмашуунун иш жүзүндөгү көлөмүн баалоонун, аба берүүчү түзүлүштөрдү орнотуунун техникалык мүмкүнчүлүгүн аныктоонун, ошондой эле микроклиматка жана коопсуздукка коюлуучу талаптарды сактоонун негизинде жүргүзүлүүгө тийиш. Негиздеме зарыл болгон курулуш-монтаждоо иш-чараларын, ошондой эле эсептик жылуулук жана электр энергиясынын чыгымдарын камтыйт; иштердин милдеттүү курамы жана наркы ушул пункт менен эмес, долбоор менен аныкталат.
Сырткы абаны жылытууга кеткен жылуулук чыгымдары желдетүүнүн жана инфильтрациянын курамында бир эле аба агымынын чыгымдарын кайталап эсепке алууга жол бербөө менен аныкталат. Жылуулукту рекуперациялоо колдонулган учурда анын натыйжалуулугу жылуулук энергиясына болгон керектөөнү эсептөөдө эске алынат; желдетүүчү жабдуулардын электр энергиясына болгон керектөөсү өзүнчө аныкталат.
9 Тосмо конструкцияларды ашыкча нымдануудан коргоо
9.1 Тосмо конструкциянын буу өткөрүүгө каршылыгы , м2 саат Па/мг, (ички бетинен мүмкүн болгон конденсация тегиздигине чейинки аралыкта) төмөндө көрсөтүлгөн буу өткөрүүгө каршылыктын ченемдик маанилеринин эң чоңунан кем болбоого тийиш:
мында – тосмо конструкциясынын буу өткөрүмдүүлүгүнө каршылыгы, м2 саат Па/мг – бир Паскалга барбар ички жана тышкы абанын парциалдык басымдарынын айырмасында убакыттын бирдигине карата измометриялык шарттарда тосмо конструкциясынын аянтынын бирдиги аркылуу өтүүчү суу буусунун агымына тескери чоңдук;
а) ченемдик буу өткөрүмдүүлүккө каршылык, м2·саат·Па/мг, (эксплуатациянын жылдык мезгилинде тосмо конструкцияда нымдын топтолушуна жол берилбөө шартынан), төмөнкү формула боюнча аныкталат
; (10)
б) ченемдик буу өткөрүмдүүлүккө каршылык, , м2 саат·Па/мг, (сырткы абанын орточо айлык температурасы терс болгон мезгилде тосмо конструкциядагы нымдын чектелиши шартынан), төмөнкү формула боюнча аныкталат
; (11)
мында – ички абанын суу буусунун парциалдык басымы, Па, абанын эсептик температурасы жана салыштырмалуу нымдуулугу боюнча төмөнкү формула менен аныкталат
. (12)
мында – температурада, суу буусунун каныккан абалына туура келген парциалдык басымы, Па, В тиркемесине ылайык кабыл алынат;
‒ ички абанын эсептик салыштырмалуу нымдуулугу, %, ушул курулуш ченемдерине жана тиешелүү тармактык ченемдик документтерге ылайык, тиешелүү бөлмөнүн ички абасынын эсептик параметрлери боюнча кабыл алынат;
‒ тосмо конструкциянын сырткы бетинин жана мүмкүн болгон конденсация тегиздигинин ортосунда жайгашкан бөлүгүнүн буу өткөрүмдүүлүккө каршылыгы, м2·саат·Па/мг, КР КЭ 23-101 талаптарына ылайык аныкталат;
‒ жылдык мезгил үчүн тышкы абадагы суу буусунун орточо парциалдык басымы, Па, В тиркемесине ылайык аныкталат;
‒ ным топтолуу мезгилинин узактыгы, сутка, КР КЧжЭ 23-02 боюнча тышкы абанын орточо айлык температурасы терс болгон мезгилдин узактыгына барабар деп кабыл алынат.
– мүмкүн болгон конденсация тегиздигиндеги суу буусунун парциалдык басымы (Па), бул басым сырткы абанын орточо температурасы терс болгон айлардын мезгилиндеги орточо температура боюнча, ушул пунктка берилген эскертүүлөрдүн көрсөтмөлөрүнө ылайык аныкталат;
‒ нымдалуучу катмардын материалынын тыгыздыгы, кг/м3, тиешелүү колдонуудагы ченемдик документтерге ылайык ρ0 барабар деп кабыл алынат;
– тосмо конструкциянын нымдалуучу катмарынын калыңдыгы, м, бир тектүү (бир катмарлуу) дубалдын калыңдыгынын 2/3 бөлүгүнө же көп катмарлуу тосмо конструкциянын жылуулук изоляциялоочу катмарынын (жылыткычтын) калыңдыгына барабар деп кабыл алынат;
‒ нымдалуучу катмардагы материалдын эсептик ным массалык катышынын ным топтолуу мезгилиндеги жол берилген чектеги өсүшү, %, 8-таблица боюнча кабыл алынат.
Жылуулук-нымдуулук абалын эсептөө төмөнкүлөр үчүн милдеттүү:
а) жылуулук изоляциялоочу катмары бар көп катмарлуу тышкы дубалдар үчүн;
б) ички жылуулук изоляциясы бар конструкциялар үчүн;
в) желдетилүүчү аба катмарлары бар конструкциялар үчүн;
г) бөлмөлөрүндө нымдуу же суулуу режимдеги имараттар үчүн.
Бөлмөлөрдүн кургак жана нормалдуу режиминде бир тектүү бир катмарлуу дубалдар үчүн жылуулук өткөрүүгө каршылык боюнча талаптар (5-бөлүм) сакталган учурда эсептөөнү жүргүзбөөгө уруксат берилет.
8-т а б л и ц а – Коэффициенттин жол берилген чектеги маанилери
Материал | % |
Чопо кыштан жана керамикалык блоктордон коюу | 1,5 |
Силикат кышты коюу | 2,0 |
Көңдөйлүү толтургучтардын негизиндеги жеңил бетондор | 5 |
Ячейка бетондор | 6 |
Көбүктүү газ айнек | 1,5 |
Цементтүү фибролит жана арболит | 7,5 |
Минералдык жүн плиталары жана маттары | 3 |
Пенополистирол жана пенополиуретан | 25 |
Фенол-резолдук пенопласт | 50 |
Керамзиттен, шунгизиттен жана шлактан жасалган жылуулук изоляциялоочу төгүндүлөр | 3 |
Оор бетон, цемент-кум аралашмасы | 2 |
– Эксплуатациянын жылдык мезгилинде мүмкүн болгон конденсация тегиздигиндеги суу буусунун парциалдык басымы, Па, төмөнкү формула боюнча аныкталат
, (13)
мында , , – суу буусунун парциалдык басымы, Па, мүмкүн болгон конденсация тегиздигиндеги температура боюнча кабыл алынат. Бул температура тиешелүүлүгүнө жараша кышкы, жаз-күзгү жана жайкы мезгилдердеги сырткы абанын орточо температурасы боюнча белгиленет жана 9.1-пункттун эскертүүлөрүндө жана Е тиркемесинде берилген көрсөтмөлөргө ылайык аныкталат;
‒ жылдын кышкы, жазгы-күзгү жана жайкы мезгилдеринин узактыгы, ай менен, КР КЧжЭ 23-02 боюнча кабыл алынган тышкы абанын орточо айлык температураларын эске алуу менен төмөнкү шарттарга ылайык аныкталат:
а) кышкы мезгилге тышкы абанын орточо температурасы минус 5 °C төмөн болгон айлар кирет;
б) жазгы-күзгү мезгилге тышкы абанын орточо температурасы минус 5тен плюс 5 °Cге чейинки айлар кирет;
в) жайкы мезгилге абанын орточо температурасы плюс 5 °C жогору болгон айлар кирет.
‒ төмөнкү формула боюнча аныкталган коэффициент:
, (14)
мында ‒ сырткы абанын орточо айлык температуралары терс болгон айлардын мезгилиндеги суу буусунун орточо парциалдык басымы, Па, КР КЧжЭ 23-02 боюнча кабыл алынуучу климаттык маалыматтарды пайдалануу менен КР КЭ 23-101 талаптарына ылайык аныкталат.
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Агрессивдүү чөйрөсү бар бөлмөлөрдүн тосмо конструкциялары үчүн , , жана суу буусунун парциалдык басымын жана маанисин агрессивдүү чөйрөнү эске алуу менен кабыл алуу керек.
2 Жайкы мезгил үчүн парциалдык басымды аныктоодо бардык учурларда мүмкүн болгон конденсация тегиздигиндеги температураны жайкы мезгилдеги сырткы абанын орточо температурасынан төмөн эмес деп кабыл алуу керек, ал эми ички абадагы суу буусунун парциалдык басымын бул мезгилдеги сырткы абанын суу буусунун орточо парциалдык басымынан төмөн эмес деп кабыл алуу керек.
3 Жөнөкөйлөштүрүлгөн стационардык эсептөөнү жүргүзүүдө бир тектүү (бир катмарлуу) тосмо конструкциядагы мүмкүн болгон конденсация тегиздигин анын ички бетинен конструкциянын калыңдыгынын 2/3 бөлүгүнө барабар аралыкта уруксат берилет. Көп катмарлуу тосмо конструкцияда мүмкүн болгон конденсация зонасынын жайгашуусу жылуулук изоляциялоочу катмардын жайгашуусун жана конструкциянын калыңдыгы боюнча температура менен суу буусунун парциалдык басымынын бөлүштүрүлүшүн эске алуу менен КР КЭ 23-101 талаптарына ылайык аныкталууга тийиш.
9.2 Чатыр алдындагы жабуунун же желдетилүүчү жабуунун ички бети менен аба катмарынын ортосунда жайгашкан конструкция бөлүгүнүн буу өткөрүмдүүлүккө каршылыгы, , м2·саат·Па/мг, чатырдын эңкейишинин туурасы 24 мге чейинки имараттарда төмөнкү формула боюнча аныкталуучу ченемдик буу өткөрүмдүүлүккө каршылыктан, , м2·саат·Па/мг, кем болбоого тийиш
, (15)
мында , ‒ (10) жана (14)-формулаларындагыдай.
9.3 Буу өткөрүмдүүлүккө каршылык төмөнкүлөр үчүн ченемделбейт: кургак режимдеги бөлмөлөрдүн тышкы дубалдары; нормалдуу режимдеги бөлмөлөрдүн бир тектүү дубалдары.
9.4 Тосмо конструкцияларды ашыкча нымдануудан коргоо үчүн буу тосмо катмарын жылуураак аба тарапка жайгаштыруу максатка ылайык. Конструкциянын муздак тарабына буу тосмосун орнотуу зарыл болгон учурда нымдын топтолушуна жол бербөөчү чаралар караштырылууга тийиш.
9.5 Тосмо конструкциялар эсептик жылдык циклде нымдын улам көбөйүп топтолушу болбой тургандай кылып долбоорлонууга тийиш. Мүмкүн болгон конденсация мезгилинде конструкцияда топтолгон ным материалдардын жол берилген чектеги нымдуулугунан ашып кетүүгө алып келбөөгө жана кийинки кургоо мезгилинде конструкциянын жол берилген жылуулук-нымдуулук абалын калыбына келтирүүнү камсыз кылган өлчөмдө чыгарылып кетүүгө тийиш.
Жылуулук-нымдуулук абалын жөнөкөйлөштүрүлгөн стационардык ыкма менен ишенимдүү баалоо мүмкүн болбогон учурда КР КЭ 23-101 талаптарында белгиленген эсептөө ыкмалары колдонулууга тийиш. Жөнөкөйлөштүрүлгөн стационардык эсеп жетишсиз деп эсептелет жана КР КЭ 23-101 талаптарында белгиленген стационардык эмес (динамикалык) эсептөө ыкмаларын колдонуу төмөнкү учурларда милдеттүү:
а) буу тосмо катмары бар жана анын жайгашуусу 9.4-пункттун жалпы сунуштарына ылайык келбеген көп катмарлуу конструкциялар;
б) нымдын ички булактары бар тосмо конструкциялар (нымдуу же суулуу режимдеги бөлмөлөр);
в) нымдын масса алмашуусуна таасир этүүчү желдетилүүчү аба катмарлары бар конструкциялар;
г) мүмкүн болгон конденсация зонасын 9.1-пункттун жөнөкөйлөштүрүлгөн методикасы боюнча (3-эскертүү) бир маанилүү аныктоо мүмкүн болбогон конструкциялар;
д) стационардык эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча кургоо мезгилинде нымдын чыгарылышы камсыз кылынбаган тосмо конструкциялар.
10 Полдун бетинин жылуулукту сиңирүүсү
10.1 Турак жай жана коомдук имараттардын, өнөр жай ишканаларынын көмөкчү имараттарынын жана бөлмөлөрүнүн, ошондой эле өндүрүштүк имараттардын жылытылуучу бөлмөлөрүнүн (туруктуу жумуш орундарындагы участоктордо) , Вт/(м2 °С), (), полунун бети жылуулукту сиңирүүнүн эсептик көрсөткүчүнө ээ болууга тийиш, ал 9-таблицада белгиленген , ченемдик мааниден ашпоого тийиш.
10.2 полдун бетинин жылуулукту сиңирүү көрсөткүчүнүн эсептик мааниси КР КЭ 23-101 талаптарына ылайык аныкталууга тийиш.
9-т а б л и ц а – көрсөткүчүнүн ченемдик маанилери
Имараттар, жайлар жана участоктор | Вт/(м2·°C) |
Турак жай, дарылоо, балдар жана билим берүү имараттары | 12 |
Башка коомдук имараттар; көмөкчү жайлар; I категориядагы жеңил физикалык жумуштар | 14 |
II орто оордук категориясындагы жумуштары бар өндүрүштүк жайлар | 17 |
Жаныбарлар эс алуучу жайлар: а тобу | 11 |
Жаныбарлар эс алуучу жайлар: б тобу | 13 |
Бордоп семиртүүдөгү ири мүйүздүү мал | 14 |
10.3 Полдун бетинин жылуулук сиңүү көрсөткүчү ченемге салынган эмес:
а) бетинин температурасы 23 °C жогору болгон;
б) оор физикалык жумуштар аткарылган өндүрүштүк имараттардын жылытылуучу жайларында (III категория);
в) өндүрүштүк имараттарда туруктуу жумушчу орундардын участогуна жыгач калканчтар же жылуулук изоляциялоочу килемчелер төшөлсө;
г) эксплуатациясы адамдардын дайыма болуп туруусу менен байланышпаган коомдук имараттардын жайлары (музейлер жана көргөзмөлөр залдары, театрлардын, кинотеатрлардын фойелери ж.б.).
10.4. Мал, канаттуулар жана тери өстүрүүчү имараттардын полдорунун жылуулук техникалык эсеби колдонуудагы ченемдик документтердин талаптарын эске алуу менен аткарылышы керек.
11 Ченемделген көрсөткүчтөрдү контролдоо
11.1 Имараттардын жылуулук коргоосу боюнча ушул курулуш ченемдеринин талаптарына долбоордук чечимдердин шайкештиги долбоорлоо стадиясында жылуулук-техникалык эсептөөлөрдүн жана тосмо конструкциялардын кабыл алынган долбоордук мүнөздөмөлөрүнүн негизинде белгиленет.Жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүн контролдоонун аспаптык ыкмалары тиешелүү ченемдик документтерде каралган учурларда имараттарды курууда, кабыл алууда жана техникалык изилдөөдөн өткөрүүдө иш жүзүндө аткарылган тосмо конструкцияларга карата колдонулат.
11.2 Иш жүзүндө аткарылган тосмо конструкциялардын долбоордук чечимдерге жана белгиленген жылуулук коргоо талаптарына шайкештиги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик документтеринде каралган учурларда жана тартипте бааланат.
11.3 Тосмо конструкциялардын аба өткөрүмдүүлүгүн аспаптык контролдоону жүргүзүүдө МАМСТ 31167де белгиленген сыноо ыкмалары анын колдонулуу чөйрөсүнүн чектеринде колдонулууга тийиш.
11.4 Курулуш конструкцияларынын жылуулуктун сакталышындагы жашыруун кемчиликтерди аныктоо зарыл болгон учурда, колдонуудагы тепловизиондук текшерүү ыкмалары боюнча ченемдик документтерге ылайык, тепловизиондук контролду жүргүзүү максатка ылайыктуу.
11.5 Тосмо конструкциялардын жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүнүн долбоордук же ченемдик маанилерге шайкеш келбестиги аныкталган учурда, шайкеш келбестиктин себептери аныкталып, аларды жоюу боюнча иш-чаралар каралууга тийиш. Кайталап контролдоо жүргүзүүнүн зарылдыгы аныкталган кемчиликтердин мүнөзүнө жана тиешелүү ченемдик документтердин талаптарына жараша аныкталат. Кемчиликтерди жоюу боюнча иш-чаралар аткарылгандан кийин дал келбестик аныкталган көрсөткүчтөр жана участоктор гана кайра текшерилүүгө тийиш. Кайра текшерүүнүн көлөмү жана ыкмасы кемчиликтин мүнөзүнө, кабыл алынган түзөтүүчү иш-чараларга жана колдонулуучу ченемдик документтерге ылайык аныкталат. Текшерүүнүн натыйжалары контролдун тиешелүү түрү үчүн каралган тартипте таризделет; ушул пункт менен өз алдынча кабыл алуу жол-жобосу киргизилбейт.
12 Имараттардын жылуулугун сактоо талаптарына шайкештигин эсептик негиздөө
12.1 Имараттардын жылуулугун сактоо боюнча долбоордук чечимдердин ушул курулуш ченемдеринин талаптарына шайкештиги долбоордук документтерди иштеп чыгууда аткарылуучу жылуулук-техникалык эсептөөлөрдүн натыйжалары менен негизделүүгө тийиш.
12.2 Жылуулук-техникалык эсептөөлөр долбоордук документтердин курамында кабыл алынган долбоордук чечимдердин тосмо конструкциялардын ченемдик жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүнө шайкештигин негиздөө үчүн зарыл болгон көлөмдө аткарылат.
12.3 Эсептөө материалдарында баштапкы климаттык жана эсептик шарттар, имараттын функционалдык багыты жөнүндө маалыматтар, көлөмдүк-пландоо боюнча негизги мүнөздөмөлөр, тышкы тосмо конструкциялардын мүнөздөмөлөрү, эсептик жылуулук коргоо көрсөткүчтөрү жана алардын ушул курулуш ченемдеринде белгиленген ченемдик маанилер менен салыштырылышынын натыйжалары камтылууга тийиш.
12.4 Долбоордук документтерге киргизилген жылуулук-техникалык эсептөөлөрдүн аныктыгы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын архитектуралык, шаар куруу жана курулуш иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык аныкталат.
12.5 Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун долбоордук баалоо, энергетикалык натыйжалуулук классын аныктоо, энергетикалык тастыктамалоо, энергетикалык тастыктамаларды тариздөө жана берүү Кыргыз Республикасынын «Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө» мыйзамында белгиленген учурларда жана тартипте, ыйгарым укуктуу адистердин квалификациясына карата белгиленген талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылат.
12.6 Тосмо конструкциялардын эсептик жылуулук коргоо мүнөздөмөлөрүн аныктоо ыкмалары КР КЭ 23-101 жана Кыргыз Республикасынын башка колдонулуучу ченемдик документтерине ылайык кабыл алынат. Энергетикалык натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн расмий баалоо жана тастыктамалоо максатында аныктоо Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларында каралган методикалар боюнча жүзөгө ашырылат.
А тиркемеси
Терминдер жана аныктамалар
аба өткөрүмдүүлүгү: Каралып жаткан материалдын, элементтин же конструкциянын эки тарабындагы басымдардын айырмасынын таасири астында абаны өткөрүү касиети.
бийиктиги жогорулатылган имарат: Бийиктиги 40 м ашкан же кабаттарынын саны 12 кабаттан көп болгон имарат. Мындай имараттын тышкы тосмо конструкцияларынын аба өткөрүмдүүлүгүн эсептөөдө имараттын бийиктиги боюнча шамал басымынын өзгөрүшү эске алынат. Имараттын бийиктиги Кыргыз Республикасынын колдонуудагы курулуш ченемдеринде белгиленген эрежелерге ылайык аныкталат.
буу өтүмдүүлүгү: Курулуш материалынын же тосмо конструкциянын катмарынын каралып жаткан материалдын же катмардын эки тарабындагы суу буусунун парциалдык басымдарынын айырмасынын таасири астында диффузия жолу менен суу буусун өткөрүү касиети.
жайлардын жылуулук туруктуулугу: Тосмо жана ички конструкциялардын жылуулукту топтоо касиеттерин, аба алмашууну жана жайды пайдалануу шарттарын эске алуу менен, тышкы жана ички жылуулук таасирлери мезгил-мезгили менен өзгөрүп турганда, жайдагы жыйынтыктоочу температуранын термелүү амплитудасын чектөө жөндөмдүүлүгү.
жылдын жылуу мезгили: КР КЧжЭ 23-02 талаптарына ылайык, тышкы абанын суткалык орточо температурасынын белгиленген критерийлери боюнча аныкталуучу жыл мезгили.
жылдын суук мезгили: КР КЧжЭ 23-02 талаптарына ылайык, тышкы абанын суткалык орточо температурасынын белгиленген критерийлери боюнча аныкталуучу жыл мезгили.
жылуулук өткөрүүнүн чектүү коэффициенти : Тосмо конструкциянын жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициентинин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актыларына жана ченемдик документтерине ылайык, анын жылуулукту сактоо касиеттерине карата минималдуу талап катары белгиленүүчү жол берилген эң жогорку ченемдик мааниси. Тосмо конструкциянын белгиленген талаптарга шайкештигин баалоодо, колдонулуучу ченемдик методика боюнча, каралган учурларда жылуулук-техникалык бир тектүү эместиктерди эске алуу менен аныкталган жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициентинин эсептик мааниси чектүү мааниден ашпоого тийиш. Өлчөө бирдиги – Вт/(м2·К).
жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылык: Тосмо конструкциянын каралып жаткан бөлүгүнүн жылуулукту сактоо касиеттерин жылуулук-техникалык бир тектүү эместиктердин таасирин эске алуу менен мүнөздөөчү жана бирдей температуралык шарттарда жалпы жылуулук агымы бирдей болгон, ошол эле аянттагы шарттуу бир тектүү конструкциянын жылуулук өткөрүүгө каршылыгы катары аныкталуучу чоңдук. Өлчөө бирдиги – м2·°С/Вт (м2·К/Вт).
жылуулук өткөрүмдүүлүк: Температура градиентинин болушунан улам материалдын жылуулукту өткөрүү касиети, сандык жактан жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициенти менен мүнөздөлөт. жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициенти материалдын жылуулукту өткөрүү жөндөмдүүлүгүн мүнөздөйт жана Вт/(м·К) Вт/(м·°С) менен туюнтулат. Курулуш материалдарынын жылуулук өткөрүмдүүлүк коэффициентинин эсептик маанилери Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик документтерине ылайык, пайдалануунун каралган шарттарын эске алуу менен кабыл алынат.
жылуулук сыйымдуулугу: Белгиленген шарттарда каралып жаткан дененин температурасын бир градуска өзгөртүү үчүн зарыл болгон жылуулуктун санын мүнөздөөчү физикалык чоңдук. Өлчөө бирдиги – Дж/К (Дж/°С).
жылуулук-техникалык бир тектүү эместик: Материалдардын жылуулук-физикалык касиеттериндеги айырмачылыктардан, конструкциянын геометриясынын өзгөрүшүнөн же конструкциялык кошулмалардын болушунан улам температуралардын жана жылуулук агымдарынын бөлүштүрүлүшү тосмонун бир тектүү бөлүгүнө салыштырмалуу өзгөргөн тосмо конструкциянын бөлүгү. Бурчтар, жантайыңкы капталдар, туташтыруулар, устундар, кырлар, конструкциялык байланыштар жана башка кошулмалар сыяктуу жылуулук-техникалык бир тектүү эместиктер тосмо конструкциянын жылуулук өткөрүүгө келтирилген каршылыгын аныктоодо жана анын ички бетинин температурасын баалоодо эске алынат.
жылуулукту өткөрүү: Температуралардын айырмасынан улам тулкунун, чөйрөлөрдүн же чөйрөнүн айрым бөлүктөрүнүн ортосунда жылуулуктун жылуулук өткөрүмдүүлүк, конвекция жана жылуулук нурлануусу аркылуу же алардын айкалышынын натыйжасында өтүү процесси.
жылытуу мезгилиндеги тышкы абанын орточо температурасы: Имараттын багытталышын эске алуу менен колдонуудагы КР КЧжЭ 23-02 талаптарына ылайык аныкталуучу эсептик жылытуу мезгилиндеги тышкы абанын суткалык орточо температураларынын орточо маанисин билдирген эсептик климаттык мүнөздөмө. Өлчөө бирдиги – °С.
жылытуу мезгилинин узактыгы: Ички абанын ченемделүүчү параметрлерин камсыз кылуу үчүн белгиленген температуралык критерийлер боюнча имаратты жылытуу талап кылынган жыл ичиндеги эсептик суткалардын саны. Жылытуу мезгилинин узактыгы имараттын багытталышын жана кабыл алынган эсептик шарттарды эске алуу менен КР КЧжЭ 23-02 талаптарына ылайык көп жылдык климаттык маалыматтардын негизинде аныкталат.
имараттын жылытылуучу көлөмү: Имараттын тышкы абадан, топурактан жана жылытылбаган мейкиндиктерден бөлүп турган тосмо конструкциялардын ички беттери менен чектелген жылытылуучу бөлүгүнүн көлөмү. Ага тышкы дубалдар, чатыр жабуулары, чердак үстүндөгү жабуулар, жылытылбаган жайлардын үстүндөгү жабуулар, топурактын үстүнө төшөлгөн полдор жана башка тиешелүү конструкциялар кирет. Жылытылуучу көлөмдү аныктоодо имараттын жылуулук кабыгынын долбоордук чектери жана жайлардын эсептик температуралык шарттары эске алынат. Жылуулук кабыгынын чегинен тышкары жайгашкан жылытылбаган мейкиндиктер жылытылуучу көлөмгө киргизилбейт.
имараттын компакттуулук көрсөткүчү: Имараттын жылытылуучу бөлүгүнүн жылуулук кабыгын түзгөн тосмо конструкциялардын ички беттеринин жалпы аянтынын анын жылытылуучу көлөмүнө катышы менен аныкталуучу геометриялык мүнөздөмө. Компакттуулук көрсөткүчүн аныктоодо тосмо конструкциялардын аянты жана жылытылуучу көлөм имараттын бир эле жылуулук кабыгынын чектеринде кабыл алынат. Өлчөө бирдиги – м⁻¹.
конденсат пайда болушу мүмкүн болгон тегиздик (зона): Белгиленген температуралык-нымдуулук шарттарында суу буусунун парциалдык басымы тиешелүү температурадагы каныккан суу буусунун басымына жеткендиктен конденсат пайда болушу мүмкүн болгон тосмо конструкциянын ичиндеги эсептик кесилиши (аймагы). Конденсат пайда болушу мүмкүн болгон тегиздиктин (зонанын) жайгашуусу нымдуулук режимин эсептөөнүн кабыл алынган методикасына ылайык, тосмо конструкциянын калыңдыгы боюнча температуранын жана суу буусунун парциалдык басымынын эсептик бөлүштүрүлүшүнүн негизинде аныкталат.
материалдын салыштырма массалык жылуулук сыйымдуулугу: Белгиленген шарттарда материалдын бирдик массасынын температурасын бир градуска өзгөртүү үчүн зарыл болгон жылуулуктун саны. Өлчөө бирдиги – Дж/(кг·К) Дж/(кг·°С).
тосмо конструкциянын жылуулук инерциясынын мүнөздөмөсү: Мезгил-мезгили менен өзгөрүп туруучу жылуулук таасирлери учурунда тосмо конструкциянын жылуулук инерциясын мүнөздөөчү жана анын катмарларынын термикалык каршылыгын жана жылуулук өздөштүрүү коэффициентин эске алуу менен аныкталуучу өлчөмсүз чоңдук.
тосмо конструкциянын жылуулук өткөрүүгө каршылыгы: Тосмо конструкциянын жылуулукту сактоо касиеттерин мүнөздөөчү жана жылуулук өткөрүүнүн туруктуу шарттарында конструкция аркылуу өтүүчү стационардык жылуулук агымынын тыгыздыгына ички жана тышкы абанын температураларынын айырмасынын катышы менен аныкталуучу чоңдук. Өлчөө бирдиги – м2·°С/Вт (м²·К/Вт).
тосмо конструкциялардын жылуулук туруктуулугу: Тышкы жана ички чөйрөлөр тарабынан мезгил-мезгили менен өзгөрүп туруучу жылуулук таасирлери учурунда тосмо конструкциянын ички бетинин температурасынын термелүү амплитудасын чектөө касиети.
фасаддын айнектелүү коэффициенти: Терезелерди, тилкелүү айнектөөнү жана витраждарды кошо алганда, жарык тешиктеринин жалпы аянтынын каралып жаткан фасаддын жарык тешиктерин жана тышкы тосмо конструкциялардын тунук эмес бөлүктөрүн камтыган жалпы аянтына болгон катышы менен аныкталуучу өлчөмсүз чоңдук. Көлөмдүк-пландоо формасы татаал имараттар үчүн айнектелүү коэффициенти ар бир фасад боюнча өзүнчө аныкталат. Зарыл болгон учурда имараттын жалпы айнектелүү коэффициентин аныктоо үчүн каралып жаткан бардык фасаддардын жарык тешиктеринин жалпы аянтынын алардын жалпы аянтына болгон катышы колдонулат. Жарык тешиктеринин жана фасаддардын аянттары кабыл алынган ченемдик методикага жана макулдашылган өлчөө эрежелерине ылайык аныкталат. Жантайыңкы жана горизонталдуу жарык өткөрүүчү жабуулар вертикалдуу фасаддардын аянтына киргизилбейт жана өзүнчө эсепке алынат.
Б тиркемеси
Эсептик шарттар
Б.1 Турак жай, коомдук, административдик жана тиричилик имараттарынын бөлмөлөрүндөгү ички абанын эсептик температурасын жана салыштырмалуу нымдуулугун МАМСТ 30494 жана МАМСТ 12.1.005 боюнча кабыл алуу керек. Өзгөчө технологиялык же нымдуулук режими бар бөлмөлөр үчүн (бассейндер, кир жуучу жайлар, мончолор, муздаткыч комплекстери) параметрлер тиешелүү тармактык ченемдик документтерге жана долбоорлоого берилген технологиялык тапшырмага ылайык кабыл алынат.
Б.2 Тосмо конструкциялардын жылуулук-техникалык эсептөөлөрүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон өндүрүштүк жайлардын ички абасынын эсептик параметрлери аткарылуучу жумуштардын категориясын жана технологиялык процесстин шарттарын эске алуу менен МАМСТ 12.1.005 ылайык кабыл алынууга тийиш.
Б.3 Жылытылуучу мобилдик (инвентардык) имараттардын жылуулук-техникалык эсебин жүргүзүүдө ички абанын эсептик температурасын төмөнкүдөй кабыл алуу керек:
- турак жай жана коомдук имараттар үчүн – 22 °C;
- өндүрүштүк имараттар үчүн – 16 °C.
Б.4 Жылдын суук мезгилинде мезгил-мезгили менен иштеген жылытуу системасы бар бөлмөлөрдүн жылуулук туруктуулугун эсептөөдө ички абанын температурасынын жол берилген термелүүсүн төмөнкүдөй кабыл алуу керек: борбордук жылытууда – ±1,5 °C; меш менен жылытууда – сутка ичинде ±3 °C.
Б.5 Бөлмөлөрдүн нымдуулук режимин 1-таблица боюнча, ал эми тосмо конструкциялардын А же Б эксплуатация шарттарын ушул курулуш ченемдеринин 2-таблицасы боюнча кабыл алуу керек.
Б.6 Ички тосмо конструкциялардын жылуулук-техникалык эсебин жүргүзүүдө абанын эсептик температурасын бөлүнүп турган бөлмөлөрдүн ичинен температурасы төмөн болгон бөлмөнүн температурасы боюнча кабыл алуу керек.
Б.7 Сырткы абанын эсептик климаттык параметрлери, жылытуу мезгилинин узактыгы жана орточо температурасы, эң суук беш күндүктүн температурасы, сырткы абанын орточо айлык температуралары, температуранын суткалык амплитудалары, сырткы абанын салыштырмалуу нымдуулугу, шамалдын багыты жана ылдамдыгы КР КЧжЭ 23-02 боюнча кабыл алынууга тийиш.
В тиркемеси
Суу буусунун максималдуу парциалдык басымы
t,°C | E, Па | t, °C | E, Па | t, °C | E, Па | t, °C | E, Па | t, °C | E, Па | t, °C | E, Па |
−25 | 63 | −15 | 165 | −5 | 402 | 5 | 872 | 15 | 1705 | 25 | 3168 |
−24 | 69 | −14 | 181 | −4 | 437 | 6 | 935 | 16 | 1817 | 26 | 3363 |
−23 | 77 | −13 | 199 | −3 | 476 | 7 | 1001 | 17 | 1937 | 27 | 3567 |
−22 | 85 | −12 | 217 | −2 | 517 | 8 | 1072 | 18 | 2064 | 28 | 3782 |
−21 | 93 | −11 | 237 | −1 | 562 | 9 | 1148 | 19 | 2197 | 29 | 4005 |
−20 | 103 | −10 | 260 | 0 | 611 | 10 | 1228 | 20 | 2338 | 30 | 4243 |
−19 | 113 | −9 | 284 | 1 | 657 | 11 | 1312 | 21 | 2488 |
|
|
−18 | 125 | −8 | 310 | 2 | 705 | 12 | 1403 | 22 | 2644 |
|
|
−17 | 137 | −7 | 338 | 3 | 759 | 13 | 1497 | 23 | 2809 |
|
|
−16 | 151 | −6 | 369 | 4 | 813 | 14 | 1599 | 24 | 2984 |
|
|
Э с к е р т ү ү л ө р
1 Суу буусунун максималдуу парциалдык басымы E, Па, абанын 0,1 МПа басымында келтирилген.
2 Температуранын аралык маанилери үчүн суу буусунун максималдуу парциалдык басымы таблицадагы эң жакын маанилердин ортосундагы сызыктуу интерполяция жолу менен аныкталууга тийиш.