ТоктомКүчүндө

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 6-февралындагы «Лама айылынын аталышын «Төлөк» деп өзгөртүү жөнүндө» №1-1

Редакция.06.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ I СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 6-февралы  №1-1

 

   Лама айылынын аталышын «Төлөк» деп өзгөртүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Географиялык аталыштар жөнүндө» Мыйзамынын 8-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамына жана Лама айылынын тургундарынын 2026-жылдын 3-февралындагы жалпы жыйынынын протоколуна жана Жумгал айыл өкмөтүнүн сунушуна таянып, Жумгал айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1.    Лама айылынын тургундарынын сунушу жана тарыхый аталыштарды калыбына келтирүү максатында, Жумгал айыл аймагына караштуу Лама айылынын аталышын өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2.    Бул токтомду бекитүү жана тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу Жумгал райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жумгал айыл өкмөтүнүн башчысы А. Түгөлбековго жүктөлсүн.

4.    Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төрайым

Б. Мусаева