ТоктомКүчүндө

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 11-мартындагы № 10 «Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө» токтому

Редакция11.03.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 11-марты № 10

 

Таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасын колдонууга киргизүү жана ставкасын белгилөө жөнүндө

 

Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 73,74, 75-беренелерине, 76-беренесинин 2, 3-бөлүктөрүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-декабрындагы №662 токтомунун калктуу конуштардын аймактарынан таштандыларды ташып чыгаруу үчүн жыйым боюнча эсептөөнү толтуруу жана берүү тартибинин 3-пунктуна ылайык, Күнтуу айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Күнтуу айыл аймагында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ишке киргизилсин.

2. Күнтуу айыл аймагынын жеке жана юридикалык жактар – ишкердик иши үчүн төмөнкүдөй бекитилсин:

–     Таштанды чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы ар бир иштеген кызматкерге жыл сайын 100 сом өлчөмүндө;

–     Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды эсептөө  мөөнөтү жыл сайын 1-апрелине чейин;

–     Таштанды чыгаруу үчүн жыйымды төлөө мөөнөтү жыл сайын 1-апрелге  чейин;

3. Күнтуу айылдык кеңешинин 2025-жылдын 19-мартындагы №3/21 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Суюналиевге  жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Ж.Ж. Султанбеков