ТоктомКүчүндө

Кунтуу айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2026-жылдын 17-апрелиндеги № 11 «Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставын бекитүү жѳнүндѳ» токтому

Редакция17.04.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КҮНТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 17-апрели № 11

Күнтуу  айыл аймагынын жергиликтүү  жамаатынын 

Типтүү Уставын бекитүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жѳнүндѳ” 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентинин 17.03.2026-жылдагы №01-25/78 буйругу, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агентинин 30.03.2026-жылдагы №01-09/993 каты, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын 02.04.2026-жылдагы №01-09/1063 катынын негизинде Күнтуу айылдык кенеши токтом кылат:

1. Күнтуу айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Типтүү Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме 16-баракта)

2. Күнтуу айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү жергиликтүү жамаатынын ишин  мыйзамга ылайык жүргүзсүн.

3. Токтомдун аткарылышы Күнтуу ѳкмѳтүнүн башчысы М.Б.Суюналиевге, айыл ѳкмѳтүнүн юристи Н.Мамбеталиевге жана айыл аймактын айыл башчыларына милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын  өз көзөмөлүмө  калтырам.

 

 

Төрага

 

Ж.Ж. Султанбеков