ТоктомКүчүндө

Жумгал айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2026-жылдын 11-февралындагы «Жумгал айыл аймагынын, Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынан түшкөн сунушту кароо жөнүндө» №2-3 токтому

Редакция11.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖУМГАЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ II СЕССИЯСЫ

 

2026-жылдын 11-февралы  №2-3

 

 Жумгал айыл аймагынын, Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынан түшкөн сунушту кароо жөнүндө

       

         Жумгал айыл аймагынын, Жумгал айылына Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынын таяныч пунктун курууга жер тилкесине макулдук берүү боюнча сунушун жана Жумгал айылдык кенешинин Айыл чарба экология жана кен байлыктар боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Жумгал айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:

 

1.    Жумгал айыл аймагынын, Жумгал айылына Жумгал райондук ички иштер башкармалыгынын таяныч пунктун курууга А.Бегалиев 19а көчөсүнүн  4-0304-1001-0542 идентицикациялык кодундагы жерден 0,04 га жер тилкеси макулдук берилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы  А.Түгөлбековго милдеттендирилсин.

3.    Ушул токтом сайтына жайгаштырылсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн. Каттоодон өткөрүү Жумгал айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы  Сайпидинов Эркинбек Сыргабековичке милдеттендирилсин

 

 Төрайым

Б. Мусаева